Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 2 недели мурун

Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын королорун сел суулар каптаган.

Мындан сырткары Көк-Арт дарыясынын суунун дээңгели көтөрүлүп бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыгы үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпанынын жардамында сордурулуп коопсуз жайга чыгарылууда.

Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй канаттууларынын өлүгү тийешелүү кызматтар тарабынан заласыздандырылып, айыл ичин дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты