Сузак окуясы боюнча бир катар жетекчилер кызматтарынан алынды

  • 3 месяца мурун

Сузак окуясы боюнча бир катар жетекчилер кызматтарынан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ички иштер иштер министрлигинин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 (он эки) кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты