Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имараты оңдолду

  • 6 месяцев мурун

УКМК кылмыш иликтөөнүн жыйынтыгы менен атайылап өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусундагы ушул эле аталыштагы райондун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыгып, документтерин жок кылып, Сузак айылдык кеңешинин жана өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын акча каражаттарын уурдоого жана мыйзамдарды башка көп сандаган бузууларга катыштыгы бар экендигин аныкталган. Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, бул кылмышты жасагандар аныкталган убагында аныкталбай калган. Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында 2023-жылдын август айында бул иш боюнча тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына алынып өндүрүшүнө киргизилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт коюуга уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 000 000 сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган.

27-январда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айыл өкмөт имаратынын капиталдык ремонтуна карата иш-чарага катышып, ага Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана активтери катышты. Белгилей кетсек, үч жылдай айыл өкмөт кызматкерлери Сузак районунун паспорт столунун шартында иштеп, алардын ишин бир топ татаалдаштырып, кыргыз жарандарына ыңгайсыздыктарды алып келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты