Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы кырсыктан беш адам жабыркады
- 2 года мурун
Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 8-декабрда болжол менен саат 01:30дар чамасында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааныны айдоочусу алдыдагы унаадан ашып өтүп, жол кырсыгына кабылган.
Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Муну бөлүшүү