Сууга чөгүүнү алдын алуу максатында иш-чара өттү
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарында жайкы мезгилде сууга чөгүү учурларынын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Новопавловка айылынын аймагында Ленин РИИБдин кызматкерлери, №106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду. Анын алкагында сууга түшүүгө тыюу салынган кооптуу көлмөлөргө, арык-каналдарга жана башка суу объектилерине эскертүүчү маалыматтык тактайчалар орнотулду.
Ошондой эле жеринде тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайкы каникул мезгилинде балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелерге жашы жете электерди көзөмөлсүз калтырбоо боюнча сунуштар берилди.




