Суучулдар Соң-Көлдөн мыйзамсыз салынган үч миң метр тор чыгарды

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар борборунун суучулдары 20-июлдан 28-июлга чейин Соң-Көлдү мыйзамсыз салынган балык улоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан тазалады.

Бүгүнкү күндө суучулдар 7 күн Нарын облусунун Соң-Көл көлүнүн 53113,43 аянтын тазалап, мыйзамсыз салынган 3000 метр торду чыгарышты.

Алар буга чейин 2023-жылдан тартып Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык улоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.

Сүрөт: Видео тасмадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты