Суу ресурстары кызматына 112 атайын техника тапшырылды (видео)
- 2 года мурун
Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине атайын техникалар тапшырылды. Тапшыруу аземине Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирип, видеосун жарыялады.
Аталган министрликтин алдындагы Суу ресурстары кызматына тапшырылган 112 атайын техникалар: 28 экскаватор, 6 жүк көтөрүүчү манипулятор, 10 алдыңкы жүктөгүч, 8 узун бум экскаватор (жөрмөлөгүч менен), 8 өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч, 4 бульдозер, бир грейдер, 35 орундуу бир автобустан жана башка техникалардын түрлөрүнөн турат. Алар өлкө аймактары боюнча бөлүштүрүлөрү айтылды.
Аталган техникалар республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд сомго сатылып алынган.
Мындан тышкары 83 млн сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылганы айтылды.
Садыр Жапаров иш-чарада сөз сүйлөп: «Кыргызстандын айыл чарбасы – өлкөбүздүн экономикасына арка-бел болгон артыкчылыктуу тармактардын бири. Ал сапаттуу мол продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы соода-сатыкта атаандашууга, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт»,- деп билдирген.
Ошондой эле өлкө башчы «эмдиги жылы суу ресурстары кызматы 400 дөн кем эмес атайын техника менен камсыздаларын» айткан.
Сүрөт: president.kg




