Сурабалдиева: «Дарыгерлер жарандарды анализ тапшыруу үчүн жеке клиникаларга жөнөтүп жатат»

  • 4 месяца мурун

Дарыгерлер жарандарды лабораториялык анализ үчүн атайын жеке клиникаларга жөнөтүшөт. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат бүгүнкү жыйында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “Эмнеге биздин жарандарды лабораториялык анализдерди бекер мамлекеттик клиникалардан кылдырбай, жеке лабораторияларга жөнөтүп жатасыздар?”— деп суроо узатты.

Министр Бейшеналиев Сурабалдиеванын суроосуна “Биздин мамлекеттик лабораторияларда каражаттын аздыгынан бардык лабороториялык анализдерди кыла албайбыз”,- деп жооп берди.

Ал эми депутаттын айтымында, дарыгерлер жарандарды атайын жеке лабораторияларга 50% арзандатуу деп алдап, жөнөтүп жатат.

“Эмнеге алдап жатасыз? Мен өкмөттө иштебесем, сизге унчукпай коймокмун. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында бизде 50 негизги лабораториялык анализдер бекер жасалат. Муну карапайым, пенсия алган жарандар билбей жатат. Аларды силердин доктурларыңар жеке лабораторияларга 50% арзандатуу деп алдап, жөнөтүп жатат. Бул түздөн-түз коррупция, убакыт өтөт, буга бирөө жарым жооп берет. Бул тууралуу президент, УКМК же прокуратура билеби?”,- деп айтты Сурабалдиева.

Министр Бейшеналиев бул боюнча маалыматы жок экендигин, эгер ушундай факты катталса текшерүүгө алышарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты