Сурабалдиева vs Ташиев: Соцтармакта гендердик стереотиптер саясатчыларга карата көз карашты кантип калыптандырат?
Ушул жылдын февраль айында саясатчылардан жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кат жолдошкон. ИИМ бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, ал коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон.
Кылмыш иши боюнча айыпталгандардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башка коомдук-саясий ишмерлер бар. Аларга «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган.
15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аталган иш боюнча алгачкы ачык сот отуруму өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышкан. Отурумда коомчулуктун көңүлүн бурган учурлардын бири Камчыбек Ташиев менен күбө катары көрсөтмө берген Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын ортосундагы кайым айтышуу болду.
Буга чейин Сурабалдиева казакстандык блогерге берген маегинде Ташиевдин кызматтан алынышына анын “мамлекеттик төңкөрүшкө даярданып, президентти кызматтан алууга аракет кылганы себеп болгонун” айткан. Ташиев бул билдирүүнү негизсиз деп атап, Сурабалдиевадан аны тастыктаган фактыларды келтирүүнү талап кылды. Тараптар кайым айтышууда эски пикир келишпестиктерди дагы эске салышты.
Саясатчылардын талашы ЖМКлар аркылуу интернет айдыңына тарап, коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Социалдык тармак колдонуучуларынын бир бөлүгү Камчыбек Ташиевди колдосо, дагы бир бөлүгү Эльвира Сурабалдиевага жан тартты.
Биз бул окуянын мисалында саясий ишмерлерге карата жазылган пикирлерде гендердик стереотиптер жана коомдо калыптанган түшүнүктөр кандай роль ойной турганын изилдеп көрдүк.
Бул үчүн “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “АКИпресс”, “Супер.кж” медиаларынын Инстаграм* баракчаларында окуяга байланыштуу жарыяланган материалдардын жана журналист Семетей Аманбековдун Эльвира Сурабалдиева менен маегинин тизеринин алдына жазылган комментарийлерди талдадык. Жалпы 3202 комментарий көчүрүп алынып, бир канча категория боюнча анализденди.
*Инстаграм кыргызстандыктар арасындагы эң популярдуу социалдык тармак. 2025-жылдын аягына карата Кыргызстанда Инстаграм колдонгондордун саны 3,9 миллион адамды түзгөн.
Колдоо, дискредитация, саясий сын: Соцтармак колдонуучулары кимди колдоп, кимди сындайт?
Бул материалдын каармандары Эльвира Сурабалдиева менен Камчыбек Ташиев — Кыргызстандагы таанымал саясатчылар. Сурабалдиева — Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты. Ал 2025-жылдагы шайлоодо өз округунан эң көп добуш алып, кайрадан депутат болуп шайланган. Ал эми Камчыбек Ташиев 20 жылдан ашуун убактан бери Кыргызстандын саясий айдыңында активдүү жүрүп, 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин УКМКнын төрагасы, кийин премьер-министрдин орун басары болуп дайындалган. Башкача айтканда, экөө тең коомчулукка кеңири таанылган жана саясий салмагы бар саясатчылар.
Эки саясатчынын сот отурумунда кайым айтышканы тууралуу материалдар дагы соцтармактарда кызуу талкууланып, коомчулук аларга активдүү реакция көрсөттү. Жалпы талданган 3202 комментарийдин дээрлик 80%ы Сурабалдиева менен Ташиевге багытталган. Калган комментарийлерде сот процесси жана кылмыш ишине байланыштуу башка адамдар тууралуу пикирлер жазылган.
Эльвира Сурабалдиева менен Камчыбек Ташиевге багытталган комментарийлердин арасында саясатчыны колдогон, дискредитациялаган, саясий ишмердүүлүгүн сындаган, кемсинткен жана шылдыңдаган пикирлер кездешет. Мындан тышкары, зомбулукка же жазалоого чакырган, ошондой эле коркутуу камтылган комментарийлер да бар.
Талдоо көрсөткөндөй, эки саясатчыны тең колдогон пикирлер басымдуулук кылат. Эльвира Сурабалдиева тууралуу жазылган 1245 комментарийдин 49%ы, башкача айтканда, дээрлик жарымы аны колдогон билдирүүлөр болсо, Камчыбек Ташиев тууралуу жазылган 1248 комментарийдин 44%ында колдонуучулар ага колдоо көрсөтүшкөн.
Ошентсе да саясатчылардын саясий ишмердүүлүгүн, соттогу жүрүм-турумун сынга алган же алардын айрым аракеттерин жеке кызыкчылыктар менен байланыштырган комментарийлер аз эмес.
Эльвира Сурабалдиева тууралуу жазылган комментарийлердин дээрлик ар бир бешинчиси аны дискредитациялоого багытталган. Алардын көбүндө депутаттын “Кудайберген” базары менен байланышы айтылып, анын депутаттык ишмердүүлүгү базардын кызыкчылыгын коргоо аракети катары сыпатталган.
“Сурабалдиева б**тун ишин бүтүрдүбү депутат болуп? Только запчасть базарын коргош үчүн жанталашат”.
Белгилей кетсек, Эльвира Сурабалдиева азыр туугандарына таандык болгон “Кудайберген” базарын 2005-2015-жылдары башкарган.
Комментарийлерде Сурабалдиевага карата саясий сын негизинен анын казак блогерине берген маеги жана анда жасаган билдирүүлөрүнө байланыштуу айтылып, сөздөрүнө далил керек экени жазылган.
Ал эми Камчыбек Ташиев тууралуу жазылган комментарийлердин дээрлик төрттөн бири анын УКМКны жетектеп тургандагы ишмердүүлүгүнө жана сот отурумундагы жүрүм-турумуна байланышкан сын-пикирлерден турат.
“А когда его люди без фактов сажали и пытали, отбирали бизнес. Почему про это он молчит?” (кырг. — “Анын адамдары далилсиз камап, кыйнап, бизнести тартып алып жүргөндө эмне үчүн бул тууралуу унчуккан эмес?”)
“Суракты Ташиев жүргүзүп жатат го?”
Соцтармак колдонуучулары Камчыбек Ташиевди кылмыш ишинин алкагында камакка алууну талап кылган, башкача айтканда, жазалоого чакырык жасаган пикирлерди дагы калтырышкан. Ал эми айрымдар Ташиевдин атайын кызматтын төрагалыгынан кеткенден кийин жүрүм-туруму өзгөрүп калганын айтып, шакабага алышкан.
Мындан тышкары, кайым айтышуу тууралуу материалдарга эки саясатчыга тең дээрлик бирдей үлүштө кемсинтүүчү мазмундагы пикирлер жазылган. Мындай комментарийлерде алардын саясий ишмердүүлүгү же конкреттүү аракеттери эмес, өздөрү бутага алынып, орой, кээде сөгүнгөн сөздөр менен кемсинтишкен.
“Сурабалдиеваңар соо эмес” — Эльвира Сурабалдиевага карата жазылган комментарий.
“Манипулятор лживый мырк” (кырг. — “манипулятор, калпычы мырк”) — Камчыбек Ташиевге карата жазылган комментарий.
Аял саясатчыны эркекке салыштырып мактаган, эркек саясатчыны аялга теңеп кемсинткен гендердик стереотиптер
Эльвира Сурабалдиева менен Камчыбек Ташиев бир эле окуянын айланасында коомчулуктун талкуусуна алынып, дээрлик бирдей деңгээлде колдоого да, сынга да, кемсинтүүгө да кабылганы менен, алар тууралуу жазылган комментарийлерде колдонулган сөздөр саясатчылардын жынысына жараша кыйла айырмаланат.
Жалпы депутат Сурабалдиевага багытталган комментарийлердин 16%ы гендердик мүнөзгө ээ. Ал эми Ташиев тууралуу жазылган пикирлердин 4%ында гана мындай мүнөздөгү комментарийлер кездешет.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Эльвира Сурабалдиевага колдоо билдирген пикирлер ага карата жазылган жалпы комментарийлердин дээрлик жарымын түзөт. Бирок алардын ар бир сегизинчисинде депутаттын лидерлик сапаттары “эркектик” менен байланыштырылып, аны эркек саясатчылар менен салыштырып макташкан же “чыныгы эркек” катары сыпатташкан.
“Эльвира Айым сиз анча мынча эркек депутаттардан да кыйын экенсиз. Аман болунуз🙏”.
“Видно он даже сейчас давит 👏👏👏 настоящий мужик здесь Эльвира 👏👏👏” (кырг. — “анын азыр дагы кысым жасап атканы көрүнүп турбайбы, бул жерде чыныгы эркек — Эльвира”)
“Эльвира эркек депутат 🔥🔥🔥🔥🔥🔥👏👏👏👏👏”
“Яйца стальные у Сурабалдиевой🔥👏”
Эльвира Сурабалдиеванын тайманбастыгын белгилөө үчүн айрым колдонуучулар аны “эр жүрөк” деп да аташкан. Бирок бул сөз кыргыз тилинде туруктуу сөз айкашы катары колдонулуп, өз алдынча гендердик маанини билдирбегендиктен, мындай комментарийлер гендердик мүнөздөгү категорияга киргизилген жок.
Жалпысынан, соцтармак колдонуучулары Эльвира Сурабалдиеванын өз оюн тайманбай ачык айтып, чечкиндүүлүк көрсөткөнүн оң баалашкан. Бирок ошол эле учурда бул сапаттарды эркектерге гана таандык өзгөчөлүк катары сыпаттап, депуттаты эркек саясатчыларга салыштыруу аркылуу макташкан.
Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова мындай көрүнүш көп кылымдардан бери келе жаткан институционалдык теңсиздиктин жыйынтыгы экенин айтат. Анын пикиринде, саясатта жана маанилүү чечим кабыл алуучу органдарда эркектер басымдуулук кылгандыктан, коомдо лидерлик көбүнчө эркектер менен ассоцацияланат.
“Саясатта көп жылдардан бери эркектер чечим чыгарып, эркек лидерлиги көбүрөөк колдоого алынып келет. Ошондуктан саясат көбүнчө эркектердин иши катары кабылданып, лидерликке тиешелүү сапаттар да автоматтык түрдө “эркектик” сапаттар менен байланыштырылат. Аял саясатчы кесипкөйлүгүн, күчтүүлүгүн же лидерлигин көрсөткөндө бул анын жеке сапаты катары эмес, “эркекке окшош” сапат катары бааланат. Ошол себептен аял лидер болгон учурда дагы аны эркектик стандарт аркылуу кабыл алышат”, — дейт эксперт.
Ал эми Сурабалдиевага карата жазылган кемсинтүүчү комментарийлердин көбү аялдарды жынысына байланыштуу басмырлаган орой сөздөрдү камтыйт. Мисалы, “катын”, “канчык”, ошондой эле орус тилиндеги “сука” жана “шалава” сыяктуу сөздөр.
“Ушул катынды көрсөм жиним келет”.
“Бул катын жаагын жаппайт экен да”.
Негизги “катын” сөзү түрк тилдеринде “жубай”, “аял” деген маанини билдирген сөз. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз жана казак тилдеринде бул сөздүн мааниси өзгөрүп, көпчүлүк учурда аялдарды кемсинтүү үчүн орой сөз катары колдонулат. Казак окумуштуулары Ш. Курманбайулы менен М. Адилов бул өзгөрүүнү бир нече фактор менен түшүндүрүшөт. Алардын пикиринде, буга араб тилинен келген “аял” сөзүнүн активдүү колдонулушу, орус тилиндеги “женщина” — “баба” карама-каршылыгынын таасири жана советтик тил саясаты себеп болгон. Натыйжада мурда нейтралдуу мааниде колдонулуп келген “катын” сөзү акырындап орой жана кемсинтүүчү мааниге өткөн.
Ал эми “канчык” же орус тилиндеги “сука” сөздөрү түз маанисинде иттин жана карышкырдын ургаачысын билдирет. Бирок бул сөздөр дагы күнүмдүк турмушта аялдарга карата аларды басмырлоо үчүн колдонулуп келет. “Это сексизм” долбоору белгилегендей, “сука” сөзү көбүнчө өз оюн тайманбай айткан, көз карандысыз аялдарга карата алардын үнүн басуу үчүн айтылат.
“Ташиевти колдойбуз. Бул канчыкты базарын алып өкмөткө өткөрүш керек”.
“Аа этой суке заплатили что ли?” (кырг. — “А эмне бул канчыкка төлөп коюшканбы?”)
Мындан тышкары, Эльвира Сурабалдиевага карата “аялдын иши саясатта эмес, ал үйүндө тамак жасап отурушу керек” деген маанидеги салттуу гендердик ролдорго басым жасаган жана “Сурабалидева аялдарга мүнөздүү болгон ушак айтуу менен алектенип жатат” деген сыяктуу гендердик стереотиптерге негизделген пикирлер жазылган.
Мындан сырткары, айрым колдонуучулар депутаттын ишмердүүлүгүн же конфликттеги позициясын эмес, анын сырткы келбетин сындап, “түрү суук” деп кемсинтишкен. Ошондой эле депутаттын жаш курагына басым жасап, “карып кетиптир” деген сыяктуу жана жеке жашоосуна басым жасаган “бул турмушка чыкты беле?”, “бала-чакасы барбы?” деген комментарийлер жазылган.
Ошол эле учурда айрым колдонуучулар Сурабалдиеваны “красотка”, “красавица” деп атап, анын сырткы келбетине байланыштуу позитивдүү пикирлерди жазышкан. Бирок бул пикирлер көпчүлүк учурда анын ишмердүүлүгүнө эмес, сырткы келбетине гана басым жасаган.
Камчыбек Ташиев тууралуу жазылган комментарийлерде дагы анын сырткы келбетине көңүл бурган пикирлер кездешет. Бирок алар негизинен анын арыктаганы тууралуу болуп, айрымдары шылдың менен коштолгон.
“Ташиев похудел”. (кырг. — “Ташиев арыктаптыр”)
“КАЙРАН ТАШИЕВ КУРСАГЫН ТҮШҮПТҮР”.
Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова аял саясатчынын жеке жашоосуна, сырткы келбетине, үй-бүлөлүк абалына басым жасалуусун коомдо аял жана эркектерге карата ар башка талаптар коюлары менен түшүндүрөт.
“Дегеле коомчулуктун аялдарга жана эркектерге койгон талабы айырмаланып турат. Эркектерди ар дайым ийгиликтүү, кыйын лидер катары көргүбүз келсе, аялдардын канчалык жетишкендиктери болбосун, алардын үй-бүлөсү бизди көбүрөөк кызыктырат. Аял коомго канча жакшы нерсе алып келбесин, анын үй-бүлөсү же баласы жок болсо, сөзсүз ошол тарабынан коомдун талкуусуна алынат”, — дейт Исланбекова.
Ташиевге багытталган комментарийлерден дагы коомдун эркек саясатчыга карата кандай күтүүлөрү бар экенинин көрүүгө болот. Жалпысынан Камчыбек Ташиевге байланыштуу гендердик мүнөздөгү 47 комментарийдин дээрлик жарымы “чыныгы эркектик” менен байланышкан. Алардын басымдуу бөлүгүндө соцтармак колдонуучулары Ташиевди “эркек” деп мактаган болсо, калган бөлүгүндө андан өзүн “эркекче” алып жүрүүнү талап кылышкан.
“Камчыбек Ташиев Мыкты жумуштарды жүргүзгөн Кыргыз элинин жедирип салган акыларын кайра кустуруп бюджетке жакшы салымын көрсөткөн К.Ташиев эркек экен молодец 🔥🔥🔥🔥🔥”
“Если первым прибежал значить был в курсе что будет покушение. НАДО КАК МУЖИК ПРИЗНАТЬ СВОЮ ВИНУ так он сам говорил другим. Сам не хочет принципиально отмазки детские. Нагло судье указывает как ему поступать. Это давление.” (кырг. — “Эгер биринчи болуп жетип барган болсо, демек кол салуу болорун алдын ала билген. “Эркекче күнөөңдү мойнуңа алышың керек” деп өзү башкаларга айтчу. Эми болсо өзү такыр мойнуна алгысы келбейт, балдарча шылтоо айтып жатат. Сотко дагы эмне кылыш керек экенин көрсөтүүдө. Бул — кысым”.
Ошол эле учурда жогоруда айтылган “катын” сөзү Камчыбек Ташиевди кемсинтүү үчүн дагы колдонулган. Мындай пикирлер Ташиевге карата жазылган гендердик мүнөздөгү комментарийлердин төрттөн бирин түзөт. Бул комментарийлерде эркекти аялга теңөө анын аброюн төмөндөтүү жана кемсинтүү үчүн колдонулган.
“Мерзко смотреть на него. Ажылдаган катын”. (кырг. — “Ага карагандан жийиркенесиң. Ажылдаган катын”).
“Мынча пас Ташиев, жажылдап базарчы катын болуп”.
Айрым комментарийлерде Ташиев түздөн-түз “катын” деп аталбаса да, “аялга теңелүү эркектин авторитетин түшүргөн көрүнүш” катары көрсөтүлгөн.
“Таш байке аябай мелочь болуп кетиптир, аял кишиге теңелип, өзүнүн авторитетин түшүрүп алыптыр, эл уже Таш байкеге ишенбей калган”.
Мындан тышкары, Ташиевге карата “кыз менен айтышпа”, “генерал аял киши менен айтышпайт” деген сыяктуу гендердик стереотиптерге негизделген комментарийлер да жазылган. Бул пикирлерде эркектин аял менен кайым айтышуусу анын макамына жана “эркекке мүнөздүү” жүрүм-турумга туура келбеген көрүнүш катары бааланган.
УКМКнын мурдагы төрагасына карата анын жеке жашоосуна байланышкан бир гана комментарий жазылган. Анда автор эки саясатчыны жубай катары элестетип, “экөө үйлөнсө мощно болмок” деп шакабага алган.
Жалпысынан, комментарийлерде гендердик стереотиптер Сурабалдиевага карата Ташиевге салыштырмалуу төрт эсе көп колдонулган. Анда депутаттын сырткы келбетине, жаш курагына, үй-бүлөлүк абалына жана жүрүм-туруму салттуу гендердик ролдорго канчалык “ылайык” келгенине дагы басым жасалган. Ал эми Ташиев көбүнчө эркек жана эркек лидер өзүн кандай алып жүрүшү керек деген күтүүлөрдүн негизинде бааланган.
Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова аял саясатчыларга карата гендердик стереотиптерге негизделген онлайн-буллинг ага кабылган конкреттүү аял саясатчы менен гана чектелбестен, жалпы эле аялдардын саясатка катышуусуна терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт.
“Азыр биз квота аркылуу аялдардын айылдык кеңештерге дагы көбүрөөк талапкерлигин коюп, жергиликтүү деңгээлде алардын лидерлигин жана активдүүлүгүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз. Бирок айрым аялдарга үй-бүлөсү аркылуу басым жасашат. Мисалы, күйөөсүнө келип, “эмне аялың сенден да кыйын болуп кеттиби?”, “аялыңды тыйып койбойсуңбу” деген учурлар кездешет. Аял саясатчылар реалдуу жашоодо ушундай тоскоолдуктарга туш болсо, санариптик чөйрөдө адамдар өздөрүн андан дагы эркин сезип, аларды көбүрөөк каралоого аракет кылышат. Бул бир гана конкреттүү аялга тиешелүү эмес. Мисалы, Эльвира Сурабалдиеваны жеке тааныбаган, анын саясаты, ишмердүүлүгү же кылган иштери тууралуу жетиштүү маалыматы жок адамдар деле аны аял болгону үчүн гендердик стереотиптерди колдонуп, каралаган учурлар кездешет. Мунун баары аялдардын саясаттагы карьерасын андан ары жылдыруусуна тоскоолдук жаратат”, — дейт Исланбекова.
Сөккөн, зомбулукка чакырган, “өлүм жазасын” талап кылган кастык тили
Жогоруда келтирилген мисалдарда көрүнүп тургандай, Эльвира Сурабалдиева менен Камчыбек Ташиевдин кайым айтышуусу тууралуу материалдарга жазылган комментарийлерде кастык тили дагы активдүү колдонулган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмүнүн (UN Women) аныктамасына ылайык, кастык тили — бул адамды же адамдардын тобун алардын динине, улутуна, расасына, жынысына же өздүгүн аныктаган башка белгилерине байланыштуу кемсинткен, басмырлаган же аларга каршы багытталган оозеки, жазуу жүзүндөгү же жүрүм-турум аркылуу берилген билдирүүлөр. Ал эми сексисттик кастык тилине жынысына байланыштуу жек көрүүнү жайылткан, ага үндөгөн же аны актаган билдирүүлөр кирет.
Жалпысынан депутат Эльвира Сурабалдиевага карата жазылган комментарийлердин ар бир бешинчиси кастык тилин камтыса, Камчыбек Ташиев тууралуу комментарийлерде бул көрсөткүч ар бир жетинчи комментарийди түзөт.
Сурабалдиевага карата жогоруда айтылып өткөндөй, “катын”, “канчык”, “баба”, “сука” сыяктуу гендердик мүнөздөгү басмырлоочу сөздөр кеңири колдонулган. Ошондой эле, колдонуучулар казакстандык блогерге берген маеги үчүн аны сындап, ага “саткын”, “агент”, “партизан” ярлыктарын илишкен жана “ушакчы” деп кемсинтишкен.
“Сурабалдиева ни кто она саткынчы”.
“Аял киши вечно ушакчы билип билбей сүйлөй берет к**түн жабыш үчүн😂”.
Мындан тышкары, Сурабалдиевага багытталган комментарийлерде зомбулукту актаган жана ага чакырган пикирлер дагы кездешет. 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда “Ала-Тоо” аянтында Сурабалдиевага белгисиз адам кол көтөрүп, аны орой сөздөр менен кемсинткен. Айрым соцтармак колдонуучулары комментарийлерде ошол окуяны эске салып, зомбулукту акташкан. Ал тургай мындай аракетти кайра кайталоого чакыргандар дагы болгон.
“2020 жылы сизди аксакал туура эле уруптур эле өзү”.
“Сурабалиевага баягы чалды алып келип бир төпөчтөтүрүп койгулачы”.
Зомбулукка чакырган комментарийлердин арасында Сурабалдиевны жазалоо үчүн “аны атып салыш керек” деген жана сексуалдык зомбулукка үндөгөн билдирүүлөр дагы бар.
Ошондой эле, айрым колдонуучулар депутатты тынч жүрүүгө чакырып, коркутуу камтыган комментарийлерди калтырышкан. Кээ бир комментарийлерде мындай коркутуулар түз айтылса, башкаларында кыйыр түрдө берилген.
“Тилиңдин айынан башыңдан айрылба?!! Тилиңди тыкчу жериңе тыкчулар даяр?!!!”
“Эльвира, тилиңе этият бол, акыры башыңды жейсиң бир күнү”.
Ал эми Камчыбек Ташиевге карата “конченный”, “акмак”, “клоун”, “бети жок”, “шакал” сыяктуу басмырлоочу сөздөр колдонулган. Жогоруда айтылгандай, айрым колдонуучулар аны кемсинтүү үчүн “катын” деп аташкан.
“Таш акмак, камалсын”
“Ташиев бетпак го, бул сотто да өзүнүн ким экенин билдирип жатат”
Мындан тышкары, Ташиевди кылмыштуу иштер менен байланыштырып, “бандит”, “ОПГ генерал”, “ууру” сыяктуу ярлыктарды колдонгон комментарийлер да кездешет.
“Таш бандит эле болуп алды”.
“Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат, бет тырмайт го. Эльвира азамат😮👏”
“Сразу камаш керек ОПГ ташиевтер баарын камаш Томас кошуп ОПГ генерал 🤣🤣🤣🤣🤣”
Мисалда көрүнүп тургандай, айрым колдонуучулар Камчыбек Ташиевди камакка алуу керек экенин жазышкан. Кээ бир комментарийлер өтө радикалдашып, авторлор “Ташиев үчүн өлүм жазасын* киргизүү керек” же “аны атууга кетириш керек” деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Ошондой эле айрым комментарийлерде ага карата физикалык күч колдонууга чакырыктар да кездешет.
*Кыргызстанда өлүм жазасына 2007-жылы тыюу салынган.
Материалдагы мисалдардан дагы көрүнгөндөй, социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кемсинтүү, коркутуу жана зомбулукка чакырган билдирүүлөр эркин жайылып, кастык тили активдүү колдонулат. Бул көрүнүштөн кыздар менен аялдар айрыкча жабыркайт. Акыйкатчы институту менен “Аялдарды колдоо борбору” жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 70%дан ашыгы социалдык тармактарда жок дегенде бир жолу кастык тилине кабылганын билдиришкен.
Бул өз кезегинде “социалдык тармактарга ээлик кылган ири технологиялык компаниялар кыргыз тилиндеги кастык тилин канчалык деңгээлде натыйжалуу аныктап, модерациялай алат?” деген суроону жаратат.
“Айкын санарип” контентти модерациялоо жана пикир билдирүү эркиндиги коалициясынын мүчөсү Эльмира Аман Meta жана YouTube платформалары кыргыз тилиндеги кастык тилин аныктоо жана модерациялоо боюнча азырынча жетиштүү деңгээлде натыйжалуу иштебей жатканын айтат. Анын айтымында, англис же орус тилдүү сегментке салыштырмалуу кыргыз тилдүү контентти модерациялоо кыйла начар.
Мунун башкы себептеринин бири — кыргыз тилинин санариптик ресурстары чектелүү (low-resource) тилдердин катарына кирүүсү. 2026-жылдын 1-июлуна карата дүйнөдөгү веб-сайттардын болгону 0,0016%ында кыргыз тилиндеги контент жарыяланган. Meta, TikTok жана YouTube кооптуу контентти аныктоо жана өчүрүү үчүн жасалма интеллектке негизделген автоматташтырылган системаларды колдонот. Ал эми кыргыз тилиндеги маалыматтар жана машыктыруучу маалымат топтомдору (training data) чектелүү болгондуктан, мындай системалар кыргызча кастык тилин аныктоодо кыйынчылыктарга туш болушат.
Бирок эксперттин айтымында, көйгөй маалыматтын көлөмү менен гана чектелбейт. Автоматташтырылган системалар жергиликтүү контекстти, диалектилерди жана тилдин өзгөчөлүктөрүн толук түшүнө бербейт. Мындан тышкары, ири технологиялык компаниялар кыргыз тили сыяктуу санариптик ресурстары чектелүү тилдерге жетиштүү инвестиция салбайт.
“Негизги себептердин бири — кыргыз тилиндеги санариптик ресурстардын, маалымат базаларынын жана окутуучу материалдардын чектелүү болушу. Мындан тышкары, автоматташтырылган системалар жергиликтүү контекстти жана диалектилерди жетиштүү деңгээлде эске албайт. Платформалардын кыргыз тили кирген “ресурсу аз тилдерге” жетиштүү инвестиция салбаганы дагы бир себеп”, — дейт эксперт.
Эльмира Аман белгилеп өткөндөй, кыргыз тилиндеги кастык тилин аныктоодо тилдин өзгөчөлүктөрүн дагы эске алуу зарыл. Башка тилдер сыяктуу эле кыргыз тилинде дагы синонимдер, сленг сөздөр жана диалектилер бар. Мындан тышкары, совет мезгилиндеги орус тилинин таасиринен улам көптөгөн колдонуучулар кыргыз жана орус тилдерин аралаштырып колдонушат. Натыйжада “подлецтер” сыяктуу гибрид сөздөр жана онлайн кастык тилинин өзгөчө формалары жаралат. Ошондуктан кыргыз тилиндеги кастык тилин аныктоо жана классификациялоо башка тилдердеги кемсинтүүчү сөздөрдү жөн гана которууга караганда кыйла татаал.
Ошол себептен эксперт кыргыз тилиндеги кастык тилин натыйжалуу аныктоо үчүн маалымат базаларын көбөйтүү менен катар жергиликтүү контекстти эске алган алгоритмдерди өнүктүрүп, кыргыз тилдүү адистерди бул процесске тартуу керек деп эсептейт.
Контент-анализдин методологиясы менен бул жерден тааныша аласыздар.
Материалда колдонулган комментарийлердин стили жана орфографиясы өзгөртүүсүз берилди.
Автор: Чынаргүл Жумабекова
Бул материал «Аялдар, укук жана өнүгүү боюнча Азия-Тынч океан форумунун» (APWLD) «Санариптешүү, феминисттик санариптик укуктар менен адилеттүүлүк» медиастипендиясынын алкагында даярдалды.





