Султанбаев Mega компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын билдирди

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телеком” ишканасын менчиктештирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу Фейсбук баракчасында түшүндүрмө берди.

Султанбаев билдирүүсүндө Mega компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын, ал өлкө бюджетин толтурууга салым кошуп, мамлекет карамагында кала турганын жазган.

«Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк, же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө», — деген Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты