Султанбаев коңшу өлкөдөгү окуяларга баа берүүдөн карманууга чакырды

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырды. Мындай билдирүүсүн ал 3-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери. Ошондуктан биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз», — деди Султанбаев.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандагы нааразылык акциялар кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында да талкууланууда.

26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.

1-2-июлда Нукустагы жапырт демонстрациялардын артынан Каракалпакстанда бир айлык өзгөчө абал жарыяланган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты