Султан Макилов ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Султан Макилов Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ички иштер органдарында 2001-жылдан бери кызмат өтөп, участкалык инспектордон улук тергөөчүгө жана жетекчиге чейинки жолду басып өткөн.

Султан Макилов бул кызматка дайындалганга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында жетекчилик кызматта иштеп, өзүн жогорку тажрыйбалуу адис катары көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты