ЖМК: Суданда аскердик төңкөрүш башталды

  • 2 года мурун

Судандын борбору Хартум толугу менен аскерлердин курчоосунда калды. Жарандык күчтөр калкты аскердик төңкөрүшкө каршы туруу үчүн көчөгө чыгууга үндөп жатышат. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы жазды.

«Коммерсантъ» гезити шаардын кире бериши жана көпүрөлөр толугу менен тосулганын жана бир канча райондо интернет жеткиликтүү болбой калганын жазып чыкты.

РИА Новости билдиргендей, Судандын аскер бийлигине каршы «Профсоюздар бирикмеси» өлкөнүн тургундарын көчөгө чыгып, «аскердик төңкөрүшкө каршы экенин жана жарандык баш ийбестигин» жарыялоого чакырып жатат. Бирикме өлкөдө 2019-жылдан берки экинчи аскердик төңкөрүш башталды деген ишенимде.

Мындай нааразычылыктар куралчан адамдар Судандын премьер-министри Абдулла Хамдуктун үйүн курчоого алгандан кийин башталган. Хамдуктан тышкары дагы 4 министрдин, Хартумдун губернатору Айман Нимрдин жана Суверендүү кеңештин төрагасы Мухаммед аль-Факинин кармалганы айтылууда.

Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурун Суданда аскердик төңкөрүш орун алып, анын жүрүшүндө президент Омар аль-Башир бийликтен кулатылган. Ошондон кийин өлкөдө бийликтин эки бутагы: аскердик жана жарандык бийлик түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты