Студенттерди аймактар арасында ротациялоо башталат

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында студенттерди өлкөнүн аймактары арасында ротациялоо демилгесинин максаты тууралуу түшүндүрмө берди. Мамлекет башчысынын айтымында, бул демилге өлкөдө түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү жоюуга багытталган.

«Азыр мамлекеттик кызматкерлер арасында ротация жүргүзүлүп жатат жана ал жакшы жыйынтык бере баштады. Эми студенттер арасында да ротация башталат», — деди президент.

Анын айтымында, жыл сайын өлкөдө студенттер үчүн 10 миң бюджеттик гранттык орун бөлүнөт. 2027-жылдын сентябрынан тартып бул орундарды аймактар боюнча кайра бөлүштүрүү пландалууда. Ага ылайык, түштүктөгү абитуриенттер түндүк аймактарда билим алса, ал эми түндүктөгү жаштар түштүк облустарга барып окушат.

Президент мындай система 20–30 жыл аралыгында аймактык карама-каршылыкты жоюп, жалпы улуттук ой жүгүртүүсү бар жаңы муундагы жетекчилерди тарбиялоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты