Студенттер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам билими боюнча ат салышат

  • 3 года мурун

8-9-декабрда – «Сорос-Кыргызстан» фондунун укуктук программасынын колдоосу менен улуттук тармак жана «Адам, Укук, Эркиндик» коомдук фонду жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) БК тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн онлайн форматта квиз-оюну өткөрүлөт.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун басма сөз кызматы билдирди.

Оюндун максаты — жаштарга адам укуктары жана «Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамы тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

«Мындай иш-чаралар аркылуу жаштарды тартуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын калкына юридикалык кеңеш алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө оң салым кошо алат деп ишенебиз» дейт Арапова Эльмира, «Адам, Укук, Эркиндик» коомдук фондунун директору.

Оюнга ЖОЖдордон 180 студент катышат: Кыргыз-Орус Славян университети,Заманбап эл аралык университети (Жалал-Абад), Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Эл аралык университети (Жалал- Абад), Ош мамлекеттик юридикалык институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, КР Эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Ысык-Көл мамлекеттик юридикалык институту, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети.

Иш-чаранын уюштуруучулары квиз-оюнунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо эки этапта болорун билдирди. 10-декабрда адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Бишкектин командаларына сыйлыктар берилет.

Сүрөт: Уюштуруучулар тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты