Түштүк Корея калкынын көбү коронавируска каршы эмделгенине карабастан оору рекорддук чекке жеткени чындык (Фактчекинг) 

16-декабрь күнү Uncut-News сайтында “Түштүк Кореяда эмдөө алгандардын саны 92%дан жогору болсо да, ооругандардын саны рекорддук чекке жетти” деген маалымат жарыяланган. Анда, эмдөөгө карабай ооругандардын саны беш эсеге, ал эми оор учурлар үч эсеге өскөнү айтылат. 

Түштүк Корея калкынын көбү коронавируска каршы эмделгенине карабастан оору рекорддук чекке жеткени чындык (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Түштүк Корея жана коронавирус 

Түштүк Корея коронавирус пандемиясы башталгандан бери, бир топ катаал чектөөлөрдү киргизген өлкөлөрдүн катарында. Ага ылайык Кореяда бет капсыз көчөдө жүрүүгө, эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн коомдук тамактануучу жайларга кирүүсүнө да чектөөлөр коюлган. Мындан сырткары коронавируска каршы эмдөө компаниялары да активдүү иштеп, 52 миллионго чукул калкы бар Кореянын 84,32%ы эмдөөдөн өткөн. Ал эми 60 жаштан жогорку жарандардын дээрлик 93%ы вакцинациялоодан өтүшкөн. 

Түштүк Корея калкынын көбү коронавируска каршы эмделгенине карабастан оору рекорддук чекке жеткени чындык (Фактчекинг) 

2021-жылдын ноябрь айынан бери, Түштүк Кореяда коронавирус менен ооругандардын саны кескин көбөйө баштаган. 

Түштүк Корея калкынын көбү коронавируска каршы эмделгенине карабастан оору рекорддук чекке жеткени чындык (Фактчекинг) 

Өлкөнүн премьер-министри Ким Бу Кюм Түштүк Кореяда коронавирус кайрадан күчөп жатканы боюнча кайрылуу жасаган:

“Биз медициналык мүмкүнчүлүктөрдү жана эмдөө кампаниясын кеңейтүү аркылуу курч кризисти жеңүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз, бирок бизге убакыт керек. Биз бул кризисти мүмкүн болушунча тез арада күчтүү социалдык дистанцияны сактоо менен жеңе алабыз», — деп билдирген.  

 Мындан сырткары, премьер-министр Ким Бу Кюм  калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Өзгөчө 60 жаштан жогору адамдарда ооругандардын саны көп болуп жатканын белгилеген. 

Корея университетинин жугуштуу оорулар боюнча эксперти Ким Ву Жу коронавирустун Түштүк Кореяда жайылышынын негизги себеби катары, бир нече ай мурун эмдөөдөн өткөндөрдүн вируска каршы иммунитетинин төмөндөшү менен байланыштырган

“Коронавирус менен ооругандардын санынын өсүшү, иммунитетке байланыштуу. Вакцина алгандан кийин бир нече айдан кийин антителолордун төмөндөшү байкалууда. Биз ошондуктан, бустердик (кошумча) вакциналарды саюу керек деп ойлоп жатабыз”,- деп билдирген. 

Буга чейин, New England Journal of Medicine журналында жарыяланган Израилдик изилдөөдө Pfizer-BioNTech коронавирустук вакцинасынын экинчи дозасын алгандан алты ай өткөндөн кийин, адамдардын коронавируска каршы иммундук реакциялары, айрыкча 65 жана андан улуу жаштагы адамдар арасында бир кыйла төмөндөгөнү байкалган.

 Түштүк Кореяда бүгүнкү күнгө чейин берилген вакцина дозаларынын жарымынан көбү Pfizer-BioNTech вакциналары болгон. Бирок өлкө ошондой эле Moderna, Johnson & Johnson жана AstraZeneca-Oxford вакциналарынын дозаларын да колдонгон. 

Мындан сырткары дүйнө жүзүнө жайылып жаткан коронавирустун “Дельта” жана “Омикрон” штаммдары да коронавируска каршы туруктуу экени изилденип жатат. Аталган штаммдын экөө тең, Түштүк Кореяда катталган. 

Күнүмдүк өлүмдүн көрсөткүчү өсүп жатканына карабастан, Түштүк Кореяда ковидден каза болгондордун деңгээли төмөн. Статистикага ылайык, 2020-жылдын май айында коронавирустан каза болуу деңгээли 2.4 пайыз болсо, бүгүнкү күндө 0.8 пайызга чейин төмөндөдү. Эксперттер бул нерсени эмдөө көрсөткүчүнүн жогору болушуна байланыштуу дешет.

Жыйынтык: Түштүк Корея калкынын көбү коронавируска каршы эмделгенине карабастан ооруу рекорддук чекке жеткени чындык. Бирок, өлүмдөрдүн саны 2020-жылдагыга салыштырмалуу аз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты