Парламент төрагасы Шакиев Палестинанын элчиси Джавад Авадды кабыл алды

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 14-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алака тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи:

“Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз” деди.

Өз кезегинде Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад  акыркы кайгылуу окуяларда 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75%дайы жаш балдар экенин билдирди.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты