“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Фотодолбоор: “Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы” 

Көп жылдардан бери Таш-Башат айылынын тургундары Нарын дарыясынын жээгинде алтын чайкап иштешет. Бул —  30 жылдан бери жумушсуздук маселесин жон териси менен сезип келе жаткан тургундар үчүн акча табуунун бир ыкмасы. Биз бул жолу “Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы” аттуу фотодолбоордо муз тоңгон дарыяда алтын чайкаган Эсенгул Исабековдун бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз. 

“Ызгардуу таң”

Күз айы болгонуна карабай, Таш-Башат айылы чилдедегидей суук. Таңга жуук өзгөчө сезилген ызгаар айыл тургундары үчүн кадимки көрүнүш сыяктуу. Бул убакта кээ бирөөлөр талаага мал айдап жөнөсө, дагы бирөөлөр алтын чайкоо үчүн Нарын дарыясына жол тартышат. 

Алардын бири —  Эсенгул Исабеков. Ал Таш-Башат айылында төрөлүп, өмүр бою ушул айылда жашап-иштеп келет. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Эсенгул Исабеков эртең менен жубайы даярдаган сүт чайды ичип бүтөөр замат, уулу Төлөгөндү ээрчитип алтын чайкоо үчүн жөнөйт. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Айылдан Нарын дарыясына чейин болжол менен 10-15 чакырым. Жакын сыяктуу сезилгени менен бул жолдон жөө өтүү кыйын. Анткени алтын чайкоо үчүн керектелген шаймандарды көтөрүп баруу оор. Ошондуктан Эсенгул Исабеков уулу экөө насыяга болсо да автоунаа алууну чечишкен. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Көп өтпөй, экөө  белгиленген жерге келишет. Алар көбүнчө Кичи- Нарын менен Чоң-Нарын суусунун кошулган жеринде алтын издөөнү адат кылышкан.

“Муз аралашкан суудагы жумуш”

Күн чыгып турганы менен коктунун ичи суук. Дарыянын жээгинен мээлүүн аба согуп, муз аралашкан суу тынымсыз агып турат. 

Бул убакта Эсенгул Исабеков менен Төлөгөн жумушуна киришет. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Эң алгач алтын чайкоо үчүн жээктеги музду жарып, алтын чайкоочу электи орнотушат. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Эсенгул Исабековдун айтымында, өзгөчө кышкысын алтын чайкагандардын саны көбөйөт. Анткени, суу тартылып азайгандыктан ичине түшүп, кумду алып чыгуу бир аз жеңил болот.

“Биздин айылда жана Эки-Нарын деген коңшу айылда алтын чайкалат. Көпчүлүгү кышында суу жээктеп калышат. Анткени, суу азаят да. Жазында суу көп болгондуктан агызып кетиши мүмкүн. Бирок мен жыл бою эле чайкай берем. Башка бригадаларга да кошулуп иштеген учурларым болот. Эми уулум экөөбүз иштей баштадык.”

Муз аралашкан суунун ичине Төлөгөн түшөт. Ал үчүн атайын суу өткөрбөй турган резина кийимди киет. Ансыз сууга түшүү таптакыр мүмкүн эмес. Кокустан кийим жыртылып, ичине суу кирип кетсе тоңуп калышы мүмкүн.

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

“16 жылдан бери ооруйм. Ага карабай иштеш керек”

Эсенгул Исабеков 24 жылдан бери Нарын дарыясында алтын чайкап келет. Көп жыл мурда боор оорусунун өтүшкөн түрү менен ооруп калганына карабастан, ишин таштаган эмес. Анткени үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагы дал ушул алтын чайкоого байланыштуу. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

“Жубайым экөөбүз тең пенсия албайбыз. Азыр жашым 58де. “65 жашыңда чыгасың. Үйүңдө муздаткыч, мал-жандыгың бар экен” деп айтышкан. Өзүм көп жыл мурда боор оорусу менен ооруп калдым. Ошондуктан катаал диетага отурганмын. Эми үйдө жатканда эмне? Иштеш керек, үй-бүлөнү багыш керек да…”   

Бул убакта жумуш кызуулайт. Төлөгөн муз аралашкан суунун ичине кирип, эки чакага суу түбүндөгү кумду сала баштайт. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Суунун ичине кирбей туруп, колду салууга ичиркенип турган убакта Төлөгөн салабаттуулугунан жазбай иштей берет. 

“Чынында сууга кирип алгандан кийин чыккың келбейт. Анткени кыймылдап жатып, бат эле ысып чыгасың. Бир чети коркунучтуу, анткени жээктен узактап кетсең суу агызып кетиши мүмкүн.”

Эсенгул Исабеков сууга чанда гана кирбесе, сырттагы кумду казат. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Кээде бир жерден таптакыр алтын күкүмдөрү чыкпаса жер которууга туура келет. 

“Бизди кээ бирлери тонналап алтын чайкайт деп ойлошот экен…”

Жумуш оор. Алтын чайкагандарды бир жагынан сөөк какшаткан суук кыйнаса, экинчи жагынан “бүгүн бир нерсе чыгып калса экен” деген үмүт жетелейт. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

“Бир күндө 1 грамм алтын чыкса, биз үчүн чоң жетишкендик. Анын баасы 4500 сомго чамалайт. Бирок бул кээде эле болот. Кызыгы бизди кээ бирлери, тонналап алтын чайкашат деп ойлошот экен. Биздин тапканыбыз күнүмдүккө эле жетпесе, байып кеткендер деле боло элек.” — дейт Эсенгул Исабеков. 

Дарыядан казылып алынган кум атайын электен өткөрүлөт. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Кумдун арасынан алтын күкүмдөрү жана темир калып калат. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Бирок ал үчүн көп мээнет жана сабырдуулук керек. 

“Кара чайнекте кайнаган сүт чай”

Түш оой аба мээлүүн тартып, суук да күчөйт. Ал убакта Эсенгул Исабеков уулу Төлөгөн экөө айланадагы кургак отундарды топтоп, өзөк жалгап алууга киришишет. 

Ал үчүн таштан очок жасашып, кара чайнекке чай кайнатышат. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Ысык чай суукта ич жылытып, жылынып алууга да мүмкүндүк берет. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

“Уланган жумуш”

Чай ичип бүткөн соң, ата-уул кайрадан жумушка киришишет. Зор мээнеттин аркасында эленген алтын күкүмдөрүн терип алып, атайын идишке салып коюу керек. 

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Бир күнгө жакын убакыт бою алтын чайкоочулар бир граммга жетпеген алтын алышат. Бул адамды, Кыргызстандан тонналап чыгып кеткен алтындардын жанында Таш-Башат айылынын тургундары өмүрүн жана ден-соолугун тобокелге салып тапкандары эч нерсе эмес экенин көрсөтүп, аргасыз ар кандай ойго түртөт.

“Кыргызстан 10 жылда Швейцария болот” 

Эсенгул Исабеков өтө жөнөкөй жана шайыр адам. Жумушунун оордугуна карабай келечектен үмүтү чоң. Жалгыз өкүнгөнү, бийликтеги паракор адамдар элдин турмушун ойлобой жатканы.

“Кыргызстандын келечеги кеңири деп үмүт кылам. Буйруса дагы 10 жылда Швейцария болобуз. Жалгыз гана бийликке туура адамдар келип, коррупция деген жоголсо элдин турмушу да оңолмок…”

Бул убакта, дарыянын жээгине башка алтын чайкоочулар да топтолот. Бирок көбү, медиаларга чыгуудан тажап калышкан. Анткени, алтын чайкоочулар жөнүндө кабар чыкканда ИИМдин кызматкерлери келип, ар кандай жүйөө менен пикир келишпестиктер чыгып турат. Бирок дарыядан алтын чайкоого тыюу салынган эмес. Анткени бул — өндүрүшү жок аймактардагы акча табуунун бир жолу.

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

“Үйгө жол”

Мээнети зор күндүн аягы ар күнү ар кайсы убакта бүтөт. Кээде көбүрөөк алтын чайкоо мүмкүн болгондо Эсенгул Исабеков уулу менен эрте эле үйүнө кетет. Ал эми кээде күүгүмгө чейин калып калган учурлар болот.

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)
“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Жол бою Эсенгул Исабеков уулу Төлөгөн менен ар кандай жаңылыктардан кеп кылып бат эле үйүнө жетишет. 

Шаардын ызы-чуусунан алыста, муз аралашкан сууда жана көп адам чыдай алгыс шартта иштегенине карабай, Эсенгул Исабеков менен уулу Төлөгөндүн жөнөкөйлүгү бир чети таң калтырса, экинчи жагынан суктандырбай койбойт.

“Муз тоңгон дарыяда алтын издеген Эсенгул Исабеков” (Фоторепортаж)

Эсенгул Исабековдун кубанычы — эч кимге көз каранды болбой ак эмгек менен нан таап жатканы. 

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты