Министр Кулубаев БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссия башчысы Отунбаева менен жолугушту

  • 11 месяцев мурун

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 29-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен жолугушту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билирди.

Жолугушууда тараптар БУУнун Афганистандагы ишмердигин талкуулап, Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун миссиясына анын Афганистандагы мандатын ийгиликтүү аткаруусуна ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелери боюнча пикир алмашты.

КР ТИМинин башчысы БУУнун бийик даражалуу өкүлүнө Кыргызстан Афганистандагы туруктуу өнүгүүнү жана узак мөөнөттүү туруктуулукту кубаттай тургандыгы, тиешелүү регионалдык жана эл аралык демилгелерге активдүү катышып, дос мамиледеги афган элине гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Роза Отунбаева БУУ миссиясынын Афганистандагы ишмердиги жөнүндө маалымдады. БУУнун Афганистандагы миссиясынын башчысы ошондой эле афган жеринде түзүлгөн оор социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаалда афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кыргыз тараптын иш-аракеттерин кубаттады.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты