МедиаХаб: Баткен стадионуна сапатсыз асфальтты ким төшөгөн?

Баткендеги 50 жылдан бери карала элек стадион быйыл Ноорузда президент келердин алдында жасалып бүткөн. Стадионго жаңы куюлган асфальттын үстүнө бир жарым ай өтпөй көк чөп өсүп чыгып, коомчулуктун талкуусуна кабылды. “МедиаХаб” оңдоп-түзөө иштери менен кайсы фирма алектенгенин иликтеп, тендер одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн таап чыкты.

Стадион үчүн 15 миллион сом бөлүнгөн. Тендер 28-мартта гана жарыяланган. Ал эми жеңүүчүсү 4-апрелде аныкталган. Тендердин 8,5 миллион сомдук биринчи бөлүгүн Соорбеков Курбанбек аттуу жеке ишкер утат. Калган экинчи бөлүгүн “Жакшына Проект” аттуу компания утат. Ал эми асфальт 21-мартка чейин эле жасалып калган. А тендер болсо бир аптадан кийин гана жарыяланып атат. Бул мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузуу деп эсептелинет.

Мэрия стадионду бүтүрүүгө 8 494 670 сом сунуштаган. Тендерге катышкан дагы бир АлгаБилд деген компания 8 млн 700 миңден кем эмес суммага жасап берерин көрсөткөн. Бирок, бул компания уткан эмес. Ошондо АлгаБилд тек гана атаандаштык болду деген гана күмөндү жаратат.
Ал эми дагы бир катышуучу «СТ-КАБЫЛАН УНИВЕРСАЛ» менен Соорбек Курбанбаев экөө тең мэрия сунуштаган 8 494 670 сомдон бир тыйын да ылдый түшүрбөстөн, ошол суммага гана ишти аткарарын көрсөтүшкөн. Бул абдан шектүү көрүнүш.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты