“Кудай буюрса, Садыр Жапаров, Премьер-министр”. Президенттин риторикасы кандай өзгөрдү жана кайсы сөздөрдү көп колдонот

“ПолитКлиника” редакциясы Садыр Жапаровдун 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын августуна чейинки бардык кайрылууларын жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрүн талдап чыкты. Биз ал кайрылууларында кайсы сөздөрдү жана сөз айкаштарын көп колдонгонун жана бул көрсөткүч айдан айга кандай өзгөргөнүн карап көрдүк.

Алгач, Президент көп колдонгон жыйырма сөздү карап көрүңүз. Бул топто “Адамдар”, “Өлкө” жана “Иш” деген сөздөр үстөмдүк кылаарын байкасак болот.

Биз топтогон кайрылууларды айларга бөлүп, ар бир айда көп колдонулган 3 фраза жана сөздү аныктап чыктык.

“Кудай буюрса, Садыр Жапаров, Премьер-министр”. Президенттин риторикасы кандай өзгөрдү жана кайсы сөздөрдү көп колдонот
“Кудай буюрса, Садыр Жапаров, Премьер-министр”. Президенттин риторикасы кандай өзгөрдү жана кайсы сөздөрдү көп колдонот

Октябрь окуясында жана президенттикке чейин Садыр Жапаров өзү тууралуу үчүнчү жакта сөз кылып, премьер-министрлик жөнүндө көп сүйлөгөн. Буга анын октябрь, ноябрь айларындагы сөздөрү, сөз айкаштары далил. Бул учурда ал ким экенин, аны ким бошоткондугу тууралуу көп сөз кылган. Садыр Жапаров президент болгондон кийин көпчүлүк учурда ал өлкөдөгү кырдаалды гана айтып, сөзү расмий боло баштаган. Мисалы, “Эки өлкө” деген сөз айкашын башка президенттер менен жолукканда, мектеп бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда “Билим берүү системасы” тууралуу сөз кылган.

Ал эми сиз кайс сөздөрдү көп колдоносуз?


Биз кантип эсептедик: Биз Садыр Жапаровдун бардык билдирүүлөрүн 2020-жылдын 7-октябрынан 2021-жылдын 31-августуна чейин анын Telegram каналынан, Фейсбуктан, расмий сайтынан жана YouTube баракчасынан алдык. Андан соң Кыргызстандын президентинин бардык кайрылууларын, сүйлөгөн сөздөрүн англис тилине которуп, өзүнчө сөздөргө бөлүп, ар бир сөз Python программалоо тилиндеги скрипт аркылуу стандарттык формага келтирдик. Котормо программанын туура иштеши үчүн зарыл болгон — анда кыргыз тили жок.

Андан кийин президент сүйлөп жаткан негизги темаларды аныктоо үчүн бул сөздөр же алардын айкалыштары тексттерде канчалык көп кездешерин аныктадык.

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Алтынай Нурланова, Эркеайым Темирболотова

Дата-редактор: Айзада Тома, Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты