БШКнын сайтында добуштардын саны бирдей, бирок пайыздык көрсөткүчтөрү эки башка экендиги чын (Фактчекинг)
- 3 года мурун
- Фактчекинг
“ПолитКлиника” медиасынын WhatsApp номерине, окурмандардан БШКнын сайтында автоматтык эсептөө системасы менен колго эсептелген добуштардын саны бирдей болгонуна карабай эки башка көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө деген билдирүү келген.
Билдирүүгө таянсак, №5 Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкери Бакытбек Мариповго автоматтык эсептөө системасы менен колго эсептөөнүн жыйынтыгында добуш бергендердин саны 13 274 болгон. Бирок, пайыздык көрсөткүчү автоматтык эсептөө системасында 42,95 пайызды, кол менен эсептөөдө 42,92 пайызды түзгөн.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
БШКнын сайтында Марипов Бакытбек Асамидинович №5 Ноокат шайлоо округунан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталгандыгы тууралуу чечим чыккан. Ага БШКнын төрайымы Шайлдабекова кол койгон.
Ал эми, шайлоого талапкер Бакытбек Мариповдун шайлоонун жыйынтыгында кол менен эсептөөдө алган добуштары 13 274 болсо, автоматтык эсептөө системасында да 13 274 добуш алгандыгы көрсөтүлгөн. Эки жыйынтык тең бирдей экендигин көрүүгө болот. Ошондой эле, бул шайлоо округунан ат салышкандардын барынын пайыздык көрсөткүчү ар башка экендигин көрүүгө болот.
Бирок, добуштардын бирдей болгонуна карабастан, автоматтык эсептөө системасы менен кол менен эсептөөнүн пайыздык көрсөткүчү эки башка чыккан. Мисалы, кол менен эсептөөдө 42,92 пайыз болсо, автоматтык эсептөө системасында 42,95 пайызды көрсөткөн. Ортодого айырмачылык 0,3 пайызды түзгөн.
Эмне үчүн эки башка пайызды көрсөтүп жаткандыгын билүү максатында БШКнын төрайымынын орун басмары Абдыжапар Бекматовга кайрылдык.
“Автоматтык эсептегич системаныкы, бул — алдын ала санак. Кол менен саноонун негизинде протоколдор түзүлгөн. Учурда протоколдогу көрсөтүлгөн жыйынтык системага киргизилип атат. Кол менен санактын негизинде түзүлгөн протоколдордун маалыматы туура болот. Бирок, автоматтык эсептегич урна кичине туура эмес болсо бузулду деп чыгарып салышы мүмкүн. Кол менен эсептегенде алардын арасынан жарактуулар чыгышы мүмкүн. Ал эми добуштардын саны бирдей болуп, пайыздык көрсөткүчү эки башка болсо, анда кол менен санактын системага толук киргизиле элек болот”, — дейт Абдыжапар Бекматов.
Жыйынтык: №5 Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Мариповго автоматтык эсептөө системасы менен колго эсептөөнүн жыйынтыгында добуш бергендердин саны 13 274 болгону карабастан, пайыздык көрсөткүчү эки башка экендиги чын.