Стендап куудулу Элдос Алмазов көз жумду

Стендап жанрынын шайыр жигити Элдос Алмазов 29 жашында көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармактарда анын жакындары кабарлады.

Ош облусунда туулган Элдос 2018-жылы Москвага көчүп барган. 2021-жылы ТНТ каналынын «Ачык микрофон» берүүсүндө Алексей Щербаковдун командасы менен аты чыгып, андан кийин Орусиянын айтылуу стендап куудулдарына кошулган. Азамат Мусагалиевдин «Чоң шоусунда» жана өз алдынча да чыгып жүргөн.

Элдостун бою 130 см болгон, ал сейрек кездешүүчү эндокринологиялык дартка, гипофиз нанизми дарты менен ооручу жана боюнун өсүшү токтоп калган. Бирок дене бой жагынан мүчүлүштүгү Акыркы убакта ал онкологиялык — остеосаркома дарты менен алышып келген.

Элдос Алмазов менен коштошуу зыйнаты Ош шаарында өткөндүгү тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жазылды.

Сүрөт: Rahmat.ru

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты