Статком: Жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд сом насыя берилген

  • 2 года мурун

2022-жылдын алты айында Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар жарандарга 17,4 млрд сом насыя берген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статкомдогу маалыматка ылайык, жарым жылда насыя алгандардын саны 298 миңге жакын адамды түзгөн.

Алардын 42%ы насыяны керектөөчүлүк муктаждыктарга, 28%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6%дан ашыгы курулушка жумшай турганын билдирген.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарында берилген (жалпы көлөмдүн 18,5%). Оштон алгандар 18%ды, Чүйдөгү насыя алуучулар 16%ды жана Жалал-Абаддык насыя алуучулар 14%ды түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты