Статком: Өлкөдө жаштардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт

  • 12 месяцев мурун

12-августта дүйнө жүзү боюнча Эл аралык жаштар күнүнө карата Улуттук статистикалык комитети материал даярдады.

Кыргызстанда “Жаштар жөнүндө” мыйзамга ылайык, бул курактык категорияга республиканын жарандары жана 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандыгы жок адамдар кирет.

Кыргызстанда 14-35 жаштагы туруктуу калкынын саны жүргүзүлгөн баалоолор боюнча 2023-жылдын башына карата 2 млн 439 миң адамды же калктын жалпы санынын 35 пайызын түзгөн. Мында жаштардын эң жогорку салыштырма салмагы Бишкек жана Ош шаарларына, эң төмөнкү салыштырма салмагы Чүй жана Баткен облустарына туура келет.

Калктын жаш курактык түзүмү демографиялык жактан алганда жаш деп бөлүнөт: 14-35 жаштагы жаштардын үлүшү калктын үчтөн биринен көбүрөөгүн түзөт. Бул жаш курактык топтогу калктын негизги бөлүгүн — 1 млн. 221 миңин же жаштардын жалпы санынын 50,1 пайызын эркектер түзөт, ал эми аялдар 1 млн. 218 миң адамды же 49,9 пайызды түздү.

Үй чарбалардын бюджеттерин жана жумушчу күчүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жаштардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли (15-28 жаш) 2018-жылдагы 48,4 пайыздан 2022-жылдагы 46 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты