Статком: Кыргызстанда орточо айлык-акы дээрлик 30 миң сомду түздү

  • 1 год мурун

Ушул жылдын январына карата Кыргызстанда орточо айлык-акы 29 миң 912 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева маалымат жыйынында билдирди.

Орозбаева эмгек акы экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда өскөнүн белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык-акы 41,4 пайызга өстү.

“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, маалымат жана байланыш, мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү, дүң жана чекене соода, авто жана мотоциклдерди оңдоо, ошондой эле курулуш тармагында байкалган”, — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты