Starbucks кофелерин жакшыртуу үчүн пилдин кыгын кошот деген маалымат жалган (Фактчекинг)
- 3 недели мурун
- Фактчекинг
30-октябрда ишкер Жакшылык Матанов өзүнүн Фейсбук баракчасына “Starbucks дүйнөдөгү ири кофейный компаниялардын бири, ал кофе ичимдиктерин жакшыртуу үчүн пил кыгын колдонуп келгенин мойнуна алды” деген билдирүү жарыялаган. Анда Starbucks кофелеринде пил кыгын колдонгонун “Европалык тамак-аш уюму(EFO)” тапканы айтылат.
Бул маалымат канчалык чын? “ПолитКлиника” медиасы маалыматты текшерип көрдү.
“Starbucks’тын кофелеринде пилдин кыгы бар» делген алгачкы билдирүүлөр 2015-жылдары түрк медиаларында жарыяланган. Мисалы, “Starbucksтан заңды моюнга алуу” деген баш сөз менен берилген кабар түркиялык Güneş медиасында 2015-жылдын 18-майында жарыяланган. Бул кабарда да жогоруда айтылгандай “Европалык тамак-аш уюмунун” изилдөөлөрүнө шилтеме берилип, анда “дүйнөдөгү эң ири кофе компанияларынын бири болгон Starbucks, пилдин тезегин кофеге жыпар жыттуу зат катары колдонот деген айыптоолорду моюнга алды” деген маалымат жазылган.
Жана башка ушул сыяктуу маалыматтар түркиялык бир нече сайттарга жана Фейсбук баракчаларга жарыяланган. Анда ал кабарлар дагы 2015-жылы чыкканын көрүүгө болот.
Бирок акыркы бир жумадан бери X платформасында (мурдагы Твиттер) жана Инстаграмда түрк тилдүү колдонуучулар тарабынан кайрадан жайылтыла баштаган. Аталган посттордо текст жана сүрөттөр бири-бирине окшош.
Жогорудагы кабарларда изилдөөлөрүнө шилтеме берилген “Европа тамак-аш уюму” же англисче “European Food Organisation” (EFO) деген аталышта уюм жок. Европада “European Food Safety Authority” (EFSA) же кыргызча айтканда “Европанын азык-түлүк коопсуздугу департаменти” бар, бирок бул органдын расмий баракчасында биз айтып жаткан билдирүү тууралуу маалымат кездешпейт.
Европанын азык-түлүк коопсуздугу департаменти (EFSA) — азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү бардык маселелерди караган, Евробиримдиктин алдындагы мекеме. Ал азык-түлүккө байланыштуу бар болгон жана мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу маалыматтарды жана консультацияларды берет.
2023-жылдын 12-декабрында түркиялык Doğrulukpayı редакциясы “Starbucks пилдин тезегин татым берүүчү катары колдонобу?” деген макала жарыялаган. Анда “Starbucks кофелеринде пилдин кыгын колдонот” деген билдирүүнүн жалган экендиги айтылат. Ошондой эле, мындай билдирүүлөр Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш учурундагы Израилге болгон каршылыктын жана Starbucksка жарыяланып жаткан бойкоттун негизинде интернетте тарап жаткандыгы айтылган. Макалада бул билдирүүлөр алгач ирет kirpice.com деп аталган пародиялык веб-сайтта таратылган жана ойдон чыгарылган окуяга негизделгенин, кийин аны түркиялык бир нече медиалар чын кабар катары жарыялап баштаганы айтылат.
Бул билдирүү тууралуу расмий органдар эмне дешкен?
Кофедеги пилдин кыгы жөнүндөгү кабар интернетке тарап кеткенден кийин, бул тууралуу расмий органдар дагы өз комментарийлерин беришкен. 2016-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Khaleej Times гезити Дубай муниципалитетинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча департаментинин билдирүүсүн жарыялаган. Анда аталган департамент Starbucksтын кофелеринде пилдин кыгы жок экендигин айтып, коомчулукту бул сыяктуу ушактарды таратпоого чакырган. Бул маалыматты 2016-жылы “Русские Эмираты” жана «What’s On” медиалары да жазып чыккан.
Эң кызыгы: Дүйнөдө пилдин кыгы кошулбаган, бирок пилдин кыгы аркылуу алынган эң баалуу жана кымбат кофе бар
Чындыгында Black Ivory (кыргызча “Кара азуу” же “Кара пил сөөгү”) деп аталган кофе түрү бар жана ал дүйнөдөгү абдан кымбат жана баалуу кофе түрүнө кирет. “Кара азууну” алуу ыкмасы өзгөчө. Таиланддын Сурин провинциясынын айылдарында жашаган пилдер Чианг Май аймагынан алынып келинген арабика мөмөсү менен азыктанышат. Аталган чийки зат пилдердин тамак сиңирүү жолдорунан өткөндөн кийин кофе дандары түрүндө пилдин кыгы менен сыртка чыгат. Андан кийин алар чогултулуп, тазаланат жана куурулат. Кыскача айтканда, арабика кофе данын пилдердин тамак сиңирүү жолдорунан өткөрүшөт.
Жыйынтык: Starbucks өз кофелеринин даамын жакшыртуу үчүн пилдин кыгын кошот делген маалымат жалган. Бул 2015-жылдан бери алгач Түркияда, андан кийин дүйнөгө таратылган жалган маалымат. Starbucks компаниясы кофелерге пилдин кыгын кошуп жасаганын мойнуна алгандыгы тууралуу маалымат да компаниянын расмий сайтынан табылган жок.
Сүрөт: интернет булактары