Стамбулдагы жардыруудан каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

  • 2 года мурун

Стамбулдагы жардыруудан каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Стамбулда жардыруудан 6 адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгон.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркиянын бийликтери менен байланышта.

Түркиянын укук коргоо органдары каза болгондордун жана жабыркагандардын саны өсүп жатканын билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты