Стамбулда орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды

  • 2 года мурун

Түркиянын Стамбул шаарында Орусия жана Украина делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүсү башталды.

Эки тараптын бетме-бет сүйлөшүүсү «Долмабахче» сарайында өтүп жатат.

Сүйлөшүүлөр башталар алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушуудагы ыктымал прогресс Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.

Эрдоган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга турган убакыт келгенин кошумчалап, ок атышууну токтотууга чакырды. Түрк президенти буга чейин Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Украин лидери Владимир Зеленский билдиргендей, сүйлөшүүдө алар үчүн «өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана суверендүүлүгү» эң башкы приоритет бойдон калат.

Бул эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуу. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты