СССРдин кулашы Кыргызстан үчүн кыйроо болгонбу? Колониалдык аң-сезим жана аны бекемдөөдөгү орус пропагандасынын ролу

Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк алганынан 32 жыл толду. Эгемендүүлүк күнүнө карата башка мекемелер сыяктуу эле жалпыга маалымдоо каражаттары дагы кыргызстандыктарга куттуктоо жолдошту. Алардын ичинде Орусияга караштуу “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттиги дагы болду. Бирок аталган мекеме куттуктоосунун башында СССР кулаган учурда Кыргызстанда “кыйроо” (катастрофа) болгонун айткан

СССР тараганда Кыргызстанда кыйроо болду. Жаш республикага көптөгөн көйгөйлөр менен күрөшүүгө туура келди. Эл жапырт жумушсуз калып, гигант заводдор металлоломго арзан баада сатылып кетти. 2000-жылы жакырчылыктын деңгээли рекорддук 63 пайызга жетти. Кыргызстандыктар эң зарыл нерселерге дагы жетпей, республикада этти керектөө совет мезгилине салыштырмалуу 3 эсеге азайган (1990-жылы — киши башына 3,5 кг, 1997-жылы 1,3 кг). 

Инфляция, кризис, жумушсуздук, душмандын басып кирүүсү — булардын соңу болбочудай сезилген, бирок…биз жасай алдык!

Биз жаңы өлкөнү бирге курдук! Биз экономиканы жандандырдык (ИДП үч эсеге өстү). Биз жаңы заводдорду курдук. Биздин саныбыз көбөйдү! (4,5 млн жана 7 млн). 

Майрамың менен, сүйүктүү Кыргызстан!”, — деп айтылат куттуктоодо. 

Албетте, бул куттуктоодо эгемендүү Кыргызстандын башынан өткөргөн кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу дагы айтылууда. Бирок ошол эле маалда СССРдин кулашы кыргызстандыктар үчүн “кыйроо”, “трагедия” катары көрсөтүлүп, эгемендүү доорду союз мезгили менен салыштыруу дагы болгон. 

Биз бүгүн “Детектор” берүүсүнүн алкагында “СССРдин кулашы Кыргызстан үчүн чындап эле кыйроо болгонбу?” деген суроого жооп издеп, колониалдык аң-сезим жана бул аң-сезимди бекемдеп жаткан орус пропагандасы, колониалдык аң-сезимден кутуулуунун же деколонизациянын маанилүүлүгү тууралуу сөз кылабыз. 

Колониализм жана анын белгилери

Деколонизация түшүнүгү кыргыз коомчулугунда акыркы жылдары, айрыкча, 2022-жылы Орусия Украинага толук масштабда басып киргенден кийин актуалдашып, талкуулана баштады. 

Деколонизация тууралуу сөз кылардан мурун алгач колониализм түшүнүгү жана анын белгилери жөнүндө айта кетүү керек. Себеби, калк арасында Орус империясы жана СССР оторчулук саясат жүргүзгөн эмес деген пикирлер дагы бар. 

Колониализм – бул өнүккөн делген өлкөлөрдүн көз карандысыз элдерди басып алышы, “калган дүйнөнү” бийлөөсү. 

Колониализмдин доору деп XVI—XX кылымдарды аташат. Оторчулуктун туу чокусу Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына туура келет. 1914-жылга карата дүйнө элдеринин басымдуу бөлүгүн европалыктар басып алып, бийлеп турган

Колониализм белгилүү бир элдин аймагын басып алуу, аны суверендүүлүгүнөн ажыратуу менен башталып, метрополиянын жашоочуларынын колонияга жер которушу, экономикалык жана социалдык  эксплуатация менен коштолот. Экономикалык эксплуатация — бул басып алынган жердин түрдүү ресурстарын, кен-байлыктарын пайдалануу болсо, социалдык эксплуатация — колонияга айланган элди бекер же аз айлык-акыга иштетүү

Ошондой эле оторчулук саясат жүргүзгөн өлкө басып алган элдерге өзүнүн тилин, маданий жана диний баалуулуктарын таңуулайт. 

Колониализмдин түрлөрү боюнча түрдүү булактарда ар кандай пикирлер айтылат. Бирок негизги үч түрүн бөлүп көрсөтсө болот:

Отурукташкан колониализм — бул учурда метрополиядан калктын басып алынган аймакка көчүп келүүсү олуттуу масштабда жүрөт. Метрополиянын жашоочулары колонизацияланган тургундарды чекеге сүрүп, мыкты аймактарды ээлешет. 

Түндүк Американы, Австралияны, Жаңы Зеландияны жерлештирүү ушул принцип менен жүргөн. Ошондой эле кээде мындай колониализмди Орусияга дагы мүнөздүү деп эсептешет. 

Ички колониализм — бир мамлекеттин ичиндеги бир расалык же этникалык топтун башкасы тарабынан эксплуатацияланышы. Адатта мындай жагдай бир топ башкаларга караганда көбүрөөк ресурстарды көзөмөлдөшүнөн улам келип чыгат. Окумуштуу Александр Эткинд “Ички колонизация” аттуу китебинде колониализмдин бул түрү Орус империясына таандык болгонун жазат. 

Эксплуатациялык колониализм — метрополиянын басып алган аймактардагы жаратылыш ресурстарын жана арзан эмгек ресурсун колдонгондогу түрү.

Орус империясы жана СССР колониалдык саясат жүргүзгөнбү?

Орусиянын өзүндө жана постсоветтик өлкөлөрдүн айрымдарында Орусиянын колониалдык өтмүшүн четке каккан пикирлер кеңири жайылган. Анткен менен бир катар окумуштуулар Орус империясы, кийин СССР дагы оторчулук саясат жүргүзгөнүн айтышат. Тарыхчы Александр Моррисон Орус империясы Борбор Азия жана Кавказ аймагын от жана кылычтын жардамы менен басып алганын белгилейт

Моррисон Орус империясы кулардан мурунку 30 жылда “колонизациялык кыймыл” кеңири масштабга жүргөнүн эске салат. Бул кыймылдын алкагында Борбор Азия аймагына орус жана украин дыйкандары көчүрүлүп келип, жергиликтүү тургундардын, айрыкча, казак менен кыргыздардын мыкты жерлерине ээ болуп калышкан. Моррисон жазгандай, бул жараян мамлекеттик түзүм болгон Көчүрүү башкармалыгынын жетекчилигинде жүргөн жана бул процесстер тууралуу кабарлар “Колонизация маселелери” аттуу басылмага жарыяланып турган. 

Моррисон Орус империясы негизинен кургактагы держава болгондуктан жана Британия, Францияга окшоп океандын ары жагында өзүнчө колониалдык аймактары болбогондуктан, түпкүлүктүү Орусия каерде бүтүп, колониалдык аймак каерде башталарын аныктоо татаалыраак болгонун айтат. Бирок ага карабастан айрым аймактардын жана алардын тургундарынын обочолонуусун жана абалы начар болгонун көрсөткөн ачык белгилер болгон. Мисалы, азыркы Борбор Азия өлкөлөрү курамына кирген Түркестан губерниясында жашаган мусулман калкы империянын букаралары эмес, инородцы же бөтөн эл деп эсептелгенин айтат тарыхчы. Алар согуштук режимде жашап, империянын европалык бөлүгүндө жашаган тургундарына берилген чектелген укуктарга дагы ээ болушкан эмес.

Мындан тышкары, Александр Моррисон Орус империясы Брюсселде жайгашкан Эл аралык колониалдык институттун мүчөсү болгонун дагы кошумчалайт. Аталган институтта европалык империялар өздөрүнүн үстөмдүгүн чыңдоонун жана колонияларды өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмалары тууралуу идеялары менен бөлүшүп турушкан. 

Ал эми СССР тууралуу сөз кыла турган болсок, большевиктер антиколониализм идеясын чын ыкластан кабыл алышканы айтылат. 1920-30-жылдары советтик тарыхчылар падышалык режимдин башка элдерге үстөмдүк кылганын айыптап, аны “абсолюттук жамандык” катары сыпаттаган. Бирок Сталиндин учурунда Орус империясынын колониализми феодалдык режимдерге жана британ колониализмине салыштырмалуу “өйдөрөөк” болгон деген таризде көрсөтүлө баштаган. Советтик тарыхчылар орус улутундагы “улуу ага” империянын борбор азиялыктар, кавказдыктар, Сибирдин түпкү эли баштаган “артта калган элдерине” цивилизация алып келгенин баса белгилеши керек болгон. 

Советтик режим падышалык режимден бир топ айырмаланган. Ага карабастан советтик режимде колониализмдин белгилери тигил же бул деңгээлде болгонун айтышат изилдөөчүлөр.

Этнолог жана антрополог Сергей Абашин Борбор Азия аймагын СССРдин курамына кошууда совет бийлиги согуштук аракеттерди жүргүзгөнүн айтат.  Ал эми аймактарды согуштук жол менен басып алуу колониализмдин негизги белгилеринин бири болуп саналат. Мисалы, Борбор Азиянын аймагындагы Кокон автономиясы, Бухара эмирлиги жана Хива хандыгы 1920-жылдары аскердик жортуулдун натыйжасында Советтер Союзунун курамына киргизилген. Абашин бул аймактардагы эгемендиктин тарапташтары менен мындай күрөштөр 1923-жылга чейин уланганын белгилеп, бул окуялардын бардыгы советтик тарыхта “басмачылар менен күрөш” деген аталыш менен жазылганын жана бул чынында масштабдуу согуш болгонун айтат. Тарыхчы мындай мүнөздөгү аракеттерге 1920-30-жылдардагы репрессияларды дагы кошот. 

“Кабар Азия” басылмасы Советтер Союзунун тушунда Борбор Азиянын аймагында колониализмдин төмөндөгүдөй белгилери болгонун жазат.

Биринчиден, ресурстарды эксплуатациялоо орун алган, жергиликтүү калк четки аймактарга сүрүлүп чыгарылган. 

Ошондой эле коренизация — борбордук бийлик менен калктын ортосундагы карама-каршылыктарды жок кылууга багытталган саясий кампания; седентаризация — көчмөн жашоо образынан отурукташууга өткөрүү болгон. 

Мындан сырткары, улуттук курулуш саясаты ишке ашкан, мында “титулдук улут”, жергиликтүү калктын өкүлдөрү деген түшүнүк калыптанган. Бирок артыкчылыктар да тегиз эмес бөлүштүрүлгөн. Мисалы, титулдук улуттун өкүлдөрү маданият жана кинону башкарууда жетектөөчү кызматтарга дайындалганы менен, борбордук бийлик жогору турган органга отчет бериш керек деп дайыма талап кылган.

Ошондой эле буга тил саясатын жана республикалардын өкмөттөрүндө “титулдук улуттун” өкүлдөрүнүн өтө аз болгонун кошсо болот.

Тарыхчы Моррисон СССРдин тушунда дагы орустар үстөмдүк кылуучу улут болгонун белгилейт. Анын айтымында, “советтик адам” болуу деген орус тилин үйрөнүү жана орус маданиятынын нормаларын кабыл алуу дегенди билдирген.

Колониалдык аң-сезим жана аны жайылтуудагы орус пропагандасынын ролу

Бирок буга карабай бүгүнкү күнгө чейин айрым постсоветтик өлкөлөрдө СССРге болгон ностальгия жана бул доордун кайтып келишин эңсөө кеңири жайылган. Казакстандык изилдөөчү Айнаш Мустояпова мындай көрүнүш маалымат айдыңындагы орус пропагандасынын жыйынтыгы катары пайда болгонун “Азаттыкка” курган маегинде айткан:

Советтер Союзун сагынуу деген нерсе 1990-жылдары, 2000-жылдары болгон эмес. Тескерисинче, чет жакка ээн-эркин чыга аларына, дүкөндөрдө ар түркүн буюмдар, дүйүм жемиш болуп калганына кубангандар аябай көп болгон. Анан эле кайдан-жайдан 2010-жылдан кийин эле Советтер Союзун сагына башташат. Ал сагынычтын баары жасалма түрдө телевизор аркылуу калыптана баштаган. Бул үчүн телевизор, WhatsApp’тан келген рассылкалар, ВКонтакте же Одноклассники сыяктуу социалдык түйүндөр иштеген”

Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева дагы ЖМК аркылуу СССРди эңсөө идеологиясы катуу жүрүп жатканын айтат:

Ельциндин тушунда ачыктык, эркиндик бар эле. Кийин Путин убакыттын өтүшү менен СССРдин баалуулуктар системасын кайра калыбына келтире баштады. Бир кезде Сталин НКВДнын өкүлдөрүнөн мамлекеттик системаны кургандай, Путин ФСБ өкүлдөрүнөн таяныч курду. Ал постсоветтик мейкиндиктеги гана эмес, башка өлкөлөрдү кайтара албаса да, ошондой эле таасир этүүгө аракеттенди. 

Орусия өз таасирин сакташ үчүн ЖМКларды колдонду. Кыргызстандагы телевизиондук ЖМКлардын жарымы эле Орусияныкы, аларда “СССРде жашоо сонун эле” деген ностальгия, эңсөө идеологиясы курч мүнөздө жүргүзүлөт”.

Казакстандык изилдөөчү Диана Кудайберген союз маалын эңсегендердин ой жүгүртүүсү колониалдык ой жүгүртүү экенин айтат. Анын айтымында, адамдар узак убакыт колониалдык режимде жашап калса, кийин СССР сымал империя урап калса да колониалдык көз караштан арыла албайт.

Империялар эчак эле жоголгону менен, биз дагы эле кандайдыр бир структура, схема, илимдин ичинде жашай беребиз жана өзүбүзгө өзүбүз көнүп калган колониалдык көз караш менен карай беребиз. Мисалы, Советтер Союзунда аябагандай көп ресурс жана убакыт, бүтүндөй индустрия дал ошол колониалдык ой жүгүртүүнү калыптандырууга жумшалганын унутпоо керек. Мисалы, “старший брат” же “ага-ини” деген түшүнүк болгон. Мисалга Борбор Азия өлкөлөрү кедей болгондуктан алар иерархияда төмөн турушу керек, дайым бизге жетүү аракетинде болушу керек дешкен. Ошондуктан азыр деле союз маалын эңсегендердин ой жүгүртүүсү колониалдык”.

Диана Кудайберген бул ой жүгүртүүнү ак же кара деп отурбастан, ачык диалог аркылуу өзгөртүү керек деп эсептейт. Ал эми Айнаш Мустояпова ой жүгүртүүнүн деколонизациясы үчүн маалыматтык талааны жакшылап коргоо керек деген пикирде. Ал ой жүгүртүүнүн деколонизациясы экономикалык, саясий жана башка көз карандысыздыкка алып келерин белгилейт. 

Деколонизация аты айтып тургандай эле, колонизация жараянына карама-каршы башталган процесс. Кыргызстандык саясат талдоочу Чынара Эсенгул деколонизациянын формалдуу жана мазмундуу түрү бар экенин белгилейт. Анын пикиринде, Кыргызстан СССР таркаган соң эгемендикке жетип, формалдуу деколонизация болгону менен, мазмуну жагынан ал процесстин башында гана.

Формалдуу түрдө эгемендикке ээ болгонубуз деколонизациянын көрсөткүчү, бул индикатор. Москвадан башкаруунун жок болуп калышы — бул деколонизация. Ал эми мазмундуу деколонизация – бул абдан узак, тарыхый процесс. Идеологиялык жактан бир топ убакыт таасирде калгандан кийин элдин аң-сезимин колониалдуу эмеске буруу чоң жумушту талап кылат. Бул интеллектуалдык жана саясий элитанын да жумушу. Мына, Кыргызстандын эгемендик алганына отуз жыл өттү, бирок мазмуну жагынан, элдин эркиндик сезүү жагынан болобу, ал процесстин баштапкы жолунда гана баратабыз”.

Изилдөөчү Айнаш Мустояпова деколонизация процессинде тарыхый окуялардын баарын башынан карап чыгуу зарылдыгын белгилейт.

Деколонизациядагы эң маанилүү нерсе — бул мифтерди жокко чыгаруу. “Силер жапайы калк болгонсуңар”, “биз силерге цивилизация алып келдик, силерге шаарларды куруп бердик” деген советтик мифтерди бузуп талкалаш керек. Бул тарыхый окуялардын бардыгы советтик көз караш менен берилип келген дегенди билдирет”.

Жыйынтыктап айта турган болсок, берүүнүн башында өрнөк катары көрсөтүлгөн “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосунда СССРдин кулашын Кыргызстан үчүн кыйроо катары көрсөтүү менен колониалдык аң-сезимди бекемдөөгө багытталган пропаганда жүргөнүн байкоого болот. Белгилей кетсек, “Спутник Кыргызстан” Орусиянын “Russia Today” эл аралык маалымат агенттигине караштуу жалпыга маалымдоо каражаты. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты