Sputnik.kg жигитинин колунан каза болгон кызды өлүмү үчүн күнөөлөп, гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин бузган

«Спутник Кыргызстан» агенттиги Тик-Токтогу баракчасында “Отказала парню и жестоко поплатилась” деген баш тема менен видеосюжет жарыялады. Видеодо өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абактын психологу Зарина Мусакулова сүйлөшүп жүргөн кызын өлтүргөн деп соттолгон жигит тууралуу айтып берген. 

Твиттер колдонуучусу Айзирек Иманалиева бул сюжеттин баш темасын «жийиркеничтүү» деп сынга алды.

Sputnik.kg жигитинин колунан каза болгон кызды өлүмү үчүн күнөөлөп, гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин бузган

Видеодо психолог эмнелерди айтып берген?

Sputnik.kg сайтынын Тик-Ток баракчасына жарыяланган видеодо психолог Зарина Мусакулова өмүр бою эркинен ажыратылган жигит тууралуу кеп салган. Анда жигит сүйлөшүп жүргөн кызы жөнүндө айтып берген. “Кыз жигитине турмушка чыкканга макул болбой койгондо ал кызды өлтүрүп салган. Андан кийин жигит өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок ал аны өлтүрбөгөнүн айтууда. Ал эми соттук өкүмдө жигит кызды өлтүрүп, бөлүктөргө бөлүп, көмүп салган деп жазылган. Негизинен баары күнөөлүү эмесмин, муну кылган жокмун деп айтышат”, — деген психолог.

ПолитКлиника” медиасы бул видеонун баш темасы боюнча медиа эксперттерге кайрылып көрдү.

Медиа эксперт Алмаз Исманов бул видеонун баш темасында виктимблеймингдин элементи бар экенин айтты.

“Биринчиден, мындай баш тема менен зомбулукту актап жатат. Экинчиден, бул жерде кылмыш үчүн күнөөнү зомбулуктун курмандыгына өткөрүп жиберген виктимблеймингдин элементи бар. Үчүнчүдөн, бул баш тема гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин бузат. Мунун кооптуулугу кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту актап, коомдо белгилүү бир пикирди калыптандырууда”, — дейт ал.

Виктимблейминг деген эмне?

Виктимблейминг же кыргызча айтканда жабыркаган адамды күнөөлөө — бул кылмыш, зордуктоо болгон учурда жабыркаган тарапты күнөөлөө. Башкача айтканда, коом жабырлануучуну айыптап, агрессорду, кылмышкерди актайт. Жабырлануучунун кийген кийимине, жүрүм-турумуна, иш-аракетине карата айыптоолор башталат. 

Медиа эксперт  Элира Турдубаева Кыргызстандагы көпчүлүк маалымат каражаттары сенсация жаратуу максатында гендердик балансты сактабай жатканын белгиледи: 

“Кыргызстандагы көптөгөн маалымат каражаттары жаңылык жазганда темасы менен “сенсация жаратам” деп гендердик балансты жоготуп коюшат. Бизде гендердик сезимтал эмес журналистиканы практика кылышат. Гендердик линзаны тагышпайт, гендердик паритетти сактабайт. 

Бул видеонун баш темасында көрүнүп тургандай, кыз жигитине турмушка чыкканга макул болгондо, ал өлбөйт болчу деп зөөкүрдү актап жатат. Ал кызды баш тартканы үчүн өлтүрүп койду деп жигитти актап, кызды күнөөлөп жатышат. Мындай көрүнүш көпчүлүк маалымат каражаттарында байма-бай кездешет. Биздин журналисттерди гендердик линзаны тагынганга, гендердик балансты сактаганга, гендердик сезимтал журналистикага окутушубуз керек”, — деди Элира Турдубаева. 

Жыйынтык: «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттиги Тик-Токко “Отказала парню и жестоко поплатилась” деген баш тема менен жарыялаган видеосунда виктимблеймингдин элементтерин колдонуп, гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин бузган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты