Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

  • 11 месяцев мурун

Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Р.Санатбаев атындагы адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Пягай Богдан олимпиадалык таэквондо боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду. Азия чемпионаты 5-8-сентябрь күндөрү Бейрутта (Ливан) өттү. Ага континенттин 30 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышкан.Кыргызстандын таэквондо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Азимжан Тажибаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты