Спорт: Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы Азия чемпионатында 19 медаль жеңди

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргыз спортчулары 3 алтын, 2 күмүш, 14 коло байгеге ээ болушту. Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү.

Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчусу катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты