Спирт ичимдигин чогуу ичишкендер чырдаша кетишип, бирине бычак урулуп, каза тапты

  • 1 неделя мурун

7-сентябрда саат 23:30 чамасында Кант шаарынын 2-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда 3 жаран спирт ичимдигин ичип отурушуп чырдаша кетишкен.  Чогуу отурушкан 24 жаштагы Ш.В. аттуу жаранды бычак менен сайып салышкан. Анын кесепетинен Ш.В. алган жаракатынан улам аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө жогорудагы окуяга шектүү 1987-жылы туулган М.Р. жана 1990-жылы туулган Б. М. аттуу жарандар кармалган. Ал жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Спирт ичимдигин чогуу ичишкендер чырдаша кетишип, бирине бычак урулуп, каза тапты
Спирт ичимдигин чогуу ичишкендер чырдаша кетишип, бирине бычак урулуп, каза тапты

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан.

Сүрөттөр: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты