Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо мыйзам долбооруна байланыштуу парламенттик угуу өтүп жатат. Ага депутаттар, тарыхчылар, коомдук ишмер жана жаштардын өкүлдөрү катышууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган жана анын авторлору бул сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын көрсөтүп, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирмек деп эсептешет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты