Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Бүгүн, 15-февралда, Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркында, интернационалист жоокерлерге арналган эстеликтин жанында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 37 жыл толушуна карата митинг-реквием болуп өттү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин коргоо маселелери боюнча өкүлү Игорь Довбня, ардагерлер уюмдарынын жетекчилери, афган согушунун ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары катышты.

Митингдин катышуучулары эстеликке гүл коюшту. Өз сөздөрүндө баяндамачылар ооган согушу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн оор сыноо болгонун жана тарыхта терең из калтырганын белгилешти.

Жыйналгандардын алдында сүйлөгөн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 15-февраль — эскерүү, кайраттуулук жана биримдик күнү экенин баса белгиледи.

«Биз курман болгондордун эрдигинин алдында башыбызды ийип, аскердик милдетин абийир менен аткарган ардагерлерге терең ыраазычылык билдиребиз. Муниципалитет ооган жоокерлерине, жесирлерге жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берет. Сиздердин кайраттуулугуңуздар жана туруктуулугуңуздар — жаш муун үчүн үлгү жана өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү бөлүк» деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Коргоо министринин орун басары, Алмазбек Кулмурзаев тарыхый эс тутумду сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ардагерлерге көрсөткөн эрдиги жана аскердик милдетине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты