Сот жашыруун документтер боюнча Трампка каршы козголгон ишти токтотту

  • 2 месяца мурун

Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоо боюнча АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка каршы козголгон ишти токтотту. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди.

Мындай чечимди мурда Трамптын сунушу менен судья болгон Айлин Кэннон чыгарды. Ал атайын прокурор Жек Смит мыйзамсыз дайындалган жана ишти тергөөнү жетектөөгө укугу болгон эмес деген токтом чыгарды.

Смитти АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд дайындаган. Сот жогорку федералдык чиновниктерди дайындоого президент менен Сенат гана укуктуу деп чечти.

Трамп жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган, кутум уюштурган жана жалган билдирүү жасаган деп айыпталган. Жогорку сот саясатчы юридикалык иммунитетке ээ деген чечим чыгарды.

15-июлда Висконсин штатында республикачылардын улуттук курултайы башталат. Анда Трамп президенттикке расмий түрдө көрсөтүлүп, ал вице-президенттикке талапкер ким болорун жарыялайт.

13-июлда Трамп Пенсильвания штатынын Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп, трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок анын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

Окуя республикачылар быйыл күзүндөгү президенттик шайлоого өз талапкерин расмий түрдө көрсөтө турган съездге саналуу күндөр калган учурда болду. Съезд 18-июлда Висконсин штатынын Милуоки шаарында жыйынтыкталат.

Сүрөттө: Дональд Трамп. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты