Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 23-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында камакта жатат.

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимов боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды.  

Кара-Суу райондук соту мурдагы аким Тилек Матраимов кызмат абалынан пайдаланды деп таап, бир миллион сом айып салып, жакынкы үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө укугунан ажыраткан. Бул чечим июнь айында эле белгилүү болгон.    

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөт: Райымбек Матраимов. 27-март, 2024. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты