Сот Ленин округу боюнча үч талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тааныды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Административдик соту Ленин округу боюнча үч талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тааныды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кыызматынан билдиришти.

Мында Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен И.Якубовдун, Б.Керимбекодун жана К.Асылбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп таануу жана жокко чыгаруу жѳнүндѳ административдик доосу канааттандырылган жок.

БШК тѳмѳндѳгүлѳрдү талапкер кылып каттоодон баш тарткан:

— Якубов Ильязбек Абдувалиевичти – шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтерди бербегендигине байланыштуу ;

-Асылбеков Куттубек Бообековичти — шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтерди бербегендигине байланыштуу;

-Керимбеков Бакыт Макеновичти — шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтерди бербегендигине жана конституциялык Мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ талапкердин шайлоо фондусун түзбѳгѳндүгүнѳ байланыштуу .

Соттун чечими үч күндүн аралыгында Жогорку Сотко даттанылышы мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты