Сот Көк-Жардагы буздуруу учурунда кармалган беш адамды бошотту

  • 10 месяцев мурун

Бишкектин Көк-Жар конушунда жол тосууга айыпталып кармалган беш адам бошотулду. Бул тууралуу адвокат Алмамбет Бексултанов билдирди.

12-августта Октябрь райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошоткон.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жолду жаап салууга шектелген И.Г. аттуу жаран мыйзамсыз жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды.

Жалпысынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча жарандардан бир нече арыз түшкөн. Ал “жер мафиясынын” активдүү мүчөсү катары мыйзамсыз жер тилкелерин сатууну уюштурган, айрым кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып, жарандарды жол тосууга үгүттөп жана башка чагымчыл аракеттерди жасаган.

Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренеси менен протокол түзүлгөн.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Ал жердеги жашоочулар нааразылык билдирип бир нече жолу кайрылуу кылышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты