Сот департаменти GovoriTV’нын журналистин күч менен соттун имаратынан чыгарылышы боюнча билдирүү таратты

  • 1 год мурун

Сот департаментинин кызматкерлери GovoriTV’нын журналисти Гулназ Мидинованы күч менен соттун имаратынан чыгарып салышты.

Бул боюнча Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти билдирүү таратты.

«Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 2-майга коюлган. Судьялар сот приставдарына сот процесси жабык түрдө өтөөрүн эскертишкен. Биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы тепкич аянтчасында бир жаран сумкаларын коюп, Бишкек шаардык сотунун короосунда турган конвойдун «автозагын» телефонго тартып баштаган. Сот приставы аталган жаранга өзүн тааныштырып, биринчи кабатка түшүү жана сотко келген жарандарга тоскоолдук кылбоо өтүнүчү менен кайрылган учурда, кыйкырып, чыр- чатак чыгара баштаган. Сот приставынын өзүн тааныштыруу жана паспортту көрсөтүү талабына макул болбой койгон. Андан соң аталган жаранды соттун имаратынан чыгарууга туура келди.Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык сот приставдары укук бузуулардын алдын алууга жана бөгөт коюуга милдеттүү жана жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, укук бузууларды жана башка мыйзамга каршы аракеттерди токтотууну талап кылууга укуктуу. Мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда сот приставдары жогоруда аталган мыйзамда каралган мажбурлоо жана бөгөт коюу чараларын колдонууга укуктуу», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Бишкек шаарынын сот приставдары кызматынын тиешелүү аймактык бөлүмүнөн рапорттор алынып, таркап жаткан видеоматериал, ошондой эле алынган документтер изилденүүдө. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты