Сот Азимбек Бекназаровду 2-январга чейин тергөө абагында калтырды

  • 6 дней мурун

31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу Руслан Бекназаров өзүнүн Фейсбук баракчасында айтты.

1-октябрда Бишкек шаардык соту Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Эске салсак, 12-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан камакка алынганын уулу Руслан Бекназаров билдирген.

Азимбек Бекназаров кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, кылмыштуу жол менен табылган ири өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу беренеси боюнча шектелип жаткандыгын буга чейин анын уулу Руслан Бекназаров журналисттерге айткан.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаровду 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, камаганын билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты