Сот «Азаттыктын» министрликтин сайтты бөгөттөө чечимине каршы арызын четке какты

  • 1 год мурун

Бишкектин административдик соту бүгүн, 7-мартта «Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок.

«Азаттык Медианын» жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгилеп, министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранган.

Министрликтин өкүлдөрү «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн сайты бөгөттөө улантылып жатканын айтышты. Алар видеоматериалда бейтараптуулук сакталганы менен, тажик тарап басымдуулук кылганын жүйө келтиришти.

«Азаттык» Бишкектин административдик сотунун бул чечимине каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрыларын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты