«Сот аркылуу жооп бериши керек». Бабанов ага алданып калдым деген Жээнбеков тууралуу үн катты

  • 2 недели мурун

«Фрунзе» гипермаркеттер түйүнүн негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбеков мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго алданып, ири бизнесин алдырып жибергенин Эламан Карымшаковдун Ютуб каналына берген маегинде билдирген.

Анда ал 2016-жылы Өмүрбек Бабанов чогуу иштейли деп өзү сунуштаганын айтты. «2016-жылы «Фрунзенин» дагы бир филиалын ачып отурганбыз, катчы кыз «эшикте Бабанов чакырып жатат» деп айтты. Сыртка чыксам ал күзөтчүсү менен турган экен. Экөөбүз таанышып, ал киши чогуу иштейли деп сунуштады. Мага Бабановдун сунушу аябай жакты. Ошол менен 4-5 жолу ал киши менен жолугуп, сүйлөшүп иш баштаганбыз. 2020-жылы Өмүрбек Бабанов эмнегедир айныды. «Фрунзе» болбогон ишкана экен деп урушуп эле калды. Менин бир тууган иним Бакыт Аматовду «Фрунзеге» башкы директор кылып дайындаганбыз. Аны эки күндүн биринде эле урушат. Бир күнү мени иним экөөбүздү чакырып, «Фрунзени» көргүм жок» деп айтты. Менин үлүшүмдү сатып бергиле деди. Сүйүнүп кеттик. Инвесторлорду издеп баштадык. 15 инвестор чыкты. Дүйнөдө инвестор көп экен, алар ишкананы изилдейт экенда. Инвесторлор Бабановдун катышуусу бар экен деп айнып кетишти. Бабановду укканда эле качып кетишти. Бабанов келишим жазып коюптур. Бабановдун жээни кагаздарды алып, каттарды алып келди. Мен Бабановду атамды сыйлагандай сыйлайт элем, ага ишенип окубай эле кол койгом. Бабановдун калпычы экенин билбептирмин. «Бизнес стандарт» деген ишкананын 50 процент акциясы Бабановго бекер өтүп кетиптир. Мен муну эки жылдан кийин билдим», — деген ал.

Бүгүн, 26-апрелде Өмүрбек Бабанов видео кайрылуу жасап, Болотмамбет Жээнбековдун сөздөрүн төгүндөп, ал расмий кечирим сурашы керектигин билдирди. «Эки күн мурда Болотмамбет Жээнбеков менин дарегиме карата жаман сөздөрдү айткан экен. Ал киши иниси менен биздин компаниядан кандай уурдаганын толук айтып берүүнү чечтим. «Биринчиден, кандайча таанышып калганыбыз тууралуу айтып өтсөм. Ал киши биздин “Технопарк” дүкөнүбүздү ижарага алуу үчүн келип, биздин кызматкерлер менен контракт түзүп, иш баштайт. Бирок ремонт иштерин толугу менен аларга даяр кылып  биз бүтүрүп бергенбиз. Дүкөнгө иштерим менен келип, ал кишиге жолугуп калдым. Мен өзүм ишкер адамдарды абдан баалагандыктан, алардын жакшы иштеп жатканын белгилөө менен дүкөнүн дагы кеңейтүү керектигин айтып, кеңешимди бердим. Анан ал киши каражат жагы тартыш болуп жатканын айтып калды. Өз тажрыйбама таянып келгиле сүйлөшөлү деп сунушун киргиздим. Биз компанияга аудит жүргүздүк. Эл аралык аудиттин жыйынтыгы биздин колубузда турат. Бирок бул киши аудит жүргүзгөнүбүз боюнча ооз ачкан жок. Биз келишим түзө электе бул кишиде 4 эле дүкөн жана бир участогу болгон. Экинчиден жогоруда айтылган мүлктүн баары 2016-жылы “РСК” жана “KICB” банктарында күрөөсүндө турган. Бул боюнча документтер толугу менен биздин колубузда бар. Ошондой эле дүкөнгө товар алып келүүчү фирмаларга 1 миллион доллар, ал эми банктарга 3 миллион жүз миң доллар суммасында карызы болгон. Аудиторлордун жыйынтыгы менен жалпы 4 миллион доллар 100 миң сом карыз чыгып, бул компания банкрот болуу алдында турат деп жыйынтык чыгарышты. Бул жыйынтыктарды угуп, биз анда компанияга кирбейбиз деп чыктык. Аудиторлор менен жолугушууда Болотмамбет Жээнбеков менен Бакытбек Аматов аудиторлордун сыртка чыгып туруусун өтүнүп, бул жерде бонус бар, ай сайын 200 миң доллар бонус чөнтөгүбүзгө түшүп турат дешти. Мындайча айтканда  жылына 2 миллион 400 миң доллар пайда түшүп турарын айтышты. Биз ошол бонус деп аталган каражат түшөөрүн алар тактап бериштери керек деген кагазга кол койгонбуз. Ал кагаздар да биздин колдо.

Болотмамбет Жээнбеков “мен кагазды билбей эле, окубай эле коюп коюпмун” деп жатпайбы берген интервьюсунда. Кыргызстандыктар бардыгы эле мүлктү сатууда 2-3 жума кагаз иштери жүрүп, башка тарап юристтери менен кагаздарды карап, талкуулап, андан соң нотариус аркылуу анын жубайынын уруксааты менен бекитиле турган иш экенин билишет. Келишим бүткөндөн кийин булардын арызынын негизинде Башкы прокуратура прокуратура мамлекеттик экспертиза жүргүзүү менен бул жерде документтик кагаздар эч кандай жасалбагандыгын, келишим туура болгондугун, акча төлөнгөндүгүн аныкташкан. Экинчи ирет УКМКга арыз жазды. Суракка бардык. Ал жактан дагы экспертиза жүргүзүлүп, бардыгы мыйзам ченинде болгон деген жыйынтык чыккан», — деди Бабанов.

Бабанов Жээнбеков сөздөрү үчүн сот аркылуу, укук коргоо органдары аркылуу жооп бериши керектигин билдирди.

«Ал киши бирөөгө жаман айтып, атын булгаган жеңил иш деп ойлоп жатса керек. Андыктан сөзсүз түрдө жооп бериши зарыл. Өлкөбүздө кимде-ким бирөөнүн атын булгаса, анысы үчүн сот аркылуу, укук коргоо органдары аркылуу жооп бериши шарт. Мындай адамдар расмий кечирим сурашы керек. Адамдын баркына зыян келтиргендер чет өлкөлөрдө чоң өлчөмдө айып төлөйт», — дейт Бабанов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты