Сот “АЮ” компаниясынын директоруна чечим чыгарганы белгилүү болду

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевди кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси — “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен актап,  ал эми “Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап үч жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу чечим 4-сентябрда белгилүү болгонун “Азаттык” жазды.

Тыныбек Исаевге мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган. Ал 2023-жылы октябрь айында кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту андан тышкары “АЮ” компаниясынын кызматкерлери боюнча да өкүм чыгарган. Ага ылайык, А.А.А., А.Р.Э., И.А.М. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталган. “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири эки жылдан эркиндигинен ажыратылган. Аларга да мунапыс колдонулуп жазадан бошотулган.

Ошондой эле М.Т.К., С.Н.С. “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери менен акталып, реабилитация болгон. “АЮ Холдинг” мындан 20 жыл мурда негизделген.

“АЮ Холдингдин” негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган.

8-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү, чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. 

«Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.

Сүрөт: Компаниянын логотиби. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты