Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-ноябрда саат 7:45тен баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.

“Аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, — деп айтылат маалыматта.

Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы бетине токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жараташы үчүн жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты