Сосновка жана Арал постунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды
- 1 год мурун
Сосновка жана Арал постунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында кар көчкү түшүп, саат 19:50дө толук тазаланып ачылды. Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды.
Муну бөлүшүү