«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды
- 2 недели мурун
Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-ноябрда алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ошондой эле Талас районунун Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 36-чакырымынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө да алынды.
Кечээ күнү унаа жол тайгак болуп жатканына байланыштуу Арал Токтогул районунун “Арал”, Жайыл районунун “Сосновка” жана Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымына оор жүк ташуучу унаалардык бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Муну бөлүшүү