«Сосновка» жана “Арал” постторунда автоунааларга чектөө киргизилди

  • 1 год мурун

«Сосновка» жана “Арал” постторунда автоунааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун, Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постунда жана Чүй облусунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилип, «Арал» постунда 300гө жакын жеңил унаа жана 100гө жакын оор жүк ташуучу унаа, «Сосновка» постунда 75 оор жүк ташуучу унаа жана 52 жеңил унаа кезек күтүп турат. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жайлар уюштурулуп, «Арал» постунда 150, ал эми «Сосновка» постунда 80 адамга тамак-аш берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты