Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

  • 1 год мурун

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сосновка постунда бүгүн, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта жолчулар жана жерине тартылган атайын техникалар жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек.

Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам берилип, кыймыл жанданган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты